Difference between revisions of "АЛАЙ ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

Кырг-ндын түштүгүндө. Кеӊдик багытында созулуп жатат. Түндүгүнөн Алай, түштүгүнөн Чоӊ Алай кырка тоолору , чыгышынан Көк-Суу, батышынан Алай кырка тоосуну н тармактары м-н чектешет. Аянты 8,4 миӊ км2. Уз. 174 км, туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 км, батышында 3‒7 км, ортонку бөлүгүндө 40 км. Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 3000 м, эӊ бийик жери чыгышында 3536 м (Тоо-Мурун ашуусу), эӊ жапыз жери батышында 2440 м. А. ө-нүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан ж-а тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан А. ө. батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбө-дөӊсөөлөр («төөкарындар»), чуӊкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталынын жазылыгы 25 км, жантаюусу 23‒25°; орт. бийикт. 6000 м, эӊ бийик жери 7134 м (Ленин атн. чоку). Капталдарында тереӊ, тепши сымал мөӊгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоӊ Алайга караганда 1500‒2000 кмге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1200‒2000м; өрөөндү караган түш. капталы кыска
АЛАЙ ӨРӨӨНү23.png

(4‒15 км) ж-а тик. А. ө. калыӊдыгы 700‒800мге жеткен байыркы ж-а азыркы аллювий-про лювий ж-а гляциалдык тектерге толгон. Өрөөндүн түш. капталдары мезозой м-н кайнозой тектеринин калыӊ катмарынан, айрым жерлери бор ж-а неогендин кызыл, кызгылт-күрөӊ түстөгү кум-шагылдуу конгломераттарынан, дарыя өрөөндөрү палеоген (кум, мергель, чополуу сланец) м-н неогендин (кызыл түстүү кумдук, конгломерат) тектеринен турат. Өрөөндүн түн. капталдары палеозойдогу бүктөлүүгө дуушарланган деӊиз чөкмөлөрүнөн, силурдун кумдук, сланец; девондун акиташ теги, сланец, кумдук; карбондун конгломерат тектеринен түзүлгөн. Кенбайлыктары: көмүр, күйүүчү сланец, таштуз, курулуш материалдары ж. б. Климаты О. Азия аба массасынын циркуляциясы м-н тыгыз байланышта. Өрөөндү курчаган бийик тоолор аба массаларынын эркин өтүшүнө тоскоол болуп тургандыктан түн., түн.-батыш тан соккон муздак аба массасы жаз, жай айларында Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталдарына, түштүгүнөн сейрек соккон жылуу аба кышында Алай кырка тоосунун түш.-батыш капталдарына арбын жаан-чачын алып келет. Өрөөндүн этек бөлүктөрү кургакчыл. Жалпысынан А. ө-нүн климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы өрөөндүн чыгышында ‒17,5°С, батышында ‒14,4°С, июлдуку чыгышында 9,2°С, батышында 15,3°С. Жаан-чачыны чыгышында 346 мм, батышында 271 мм. Өрөөн аркылуу чыгыштан батышка Кызыл-Суу д. агып өтөт. Байыркы мореналардын арасындагы чуӊкурларда майда көлдөр көп (Орто-Чукур, Боока-Чукур, Корумду-Чукур). Өрөөн жер астындагы сууларга да бай. Агыш күрөӊ, коӊур каралжын, тоо шалбаа, чымдак, аллювий топурагы басымдуу. Физ. геогр. шартына жараша (түш. тарабынан тоолор м-н курчалып, деӊиз деӊг. бийик абалы, Памир м-н Теӊир-Тоонун чегинде жатышы) Алайдын өсүмдүктөрү да айланасындагы аймактардан өзгөчөлөнүп турат. Өрөөндүн таманынын чөл өсүмдүктөрү батыштан чыгышты карай та лаа, шалбаалуу талаа м-н алмашат. Тоо капталдарына субальп ж-а альп талаасы, шалбаалуу талаа ж-а дүӊгөлүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Батыш четинде сейрек арча токою, суу жайылмаларында тал, бака терек, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан аймактарды шалбаалуу саздар ээлейт. А. ө-нүн мал чарбасында мааниси чоӊ. Анда жайкысын Ош, Баткен обл-нун малдары багылат. Чабынды жерлери да кеӊейүүдө. Өрөөн аркылуу Ош‒Хорог автомобиль жолу өтөт. Дароот-Коргон кыш-нда 18‒19-к-га таандык чеп (сокмодубал) коргондор, Алтын-Дарадагы мазарларда араб (16-к.) жазуулары сакталган.
К. Матикеев.