Difference between revisions of "АЛАСТОО"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛАСТОО''', а л а с ‒ теӊирчилик дүйнө таанымынан келаткан ырым-жырым. Кыргыздар | '''АЛАСТОО''', а л а с ‒ теӊирчилик дүйнө таанымынан келаткан ырым-жырым. Кыргыздар эзелтен эле отту ар нерседен тазартуучу касиеттүү күч катары санашып, ата конушту (журтту), үй-жайды кесир-кесепеттен, адамдарды, о. эле малды оору-сыркоодон сактоо үчүн арча, адырашман түтөтүшүп, аласташкан. Конуш жаӊыртканда, көч кербенин «алас-алас, ар балээден калас» ‒ дешип, эки оттун ортосунан өткөрүшкөн. Жыл ажырашта да (Ноорузда) айылдагылар чогулуп, айылдын ортосуна чоӊ от жагып, «эски жыл кетти, жаӊы жыл келди, айдан аман, жылдан эсен бололу, алас-алас, ар балээден калас» ‒ деп, А. расмисин өткөрүп, бири-бирине каалоо-тилектерин айтышкан. Наристени бөлөөдө сөзсүз түрдө, баланын бешигин, төшөнчү-кийимин аласташкан. Мындай ырым-жырым байыртадан эле Борб. Азия <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Иран элдеринде кеӊири тарагандыгы белгилүү. Византия элчиси Земархты түрк каганы Истеми Актаг тоосунда салтанаттуу кабыл алуу учурунда аны от арасынан өткөргөндүгү тууралуу маалыматтар саякатчылардын эмгегинен учурайт. Арча, адырашман сыяктуу өсүмдүктөрдүн микробдорду өлтүрө ала турган дезинфекциялык касиети медицина тарабынан далилденип, бүгүнкү күндө күндөлүк турмушта да А. кеӊири пайдаланылууда.<br> | ||
10:51, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АЛАСТОО, а л а с ‒ теӊирчилик дүйнө таанымынан келаткан ырым-жырым. Кыргыздар эзелтен эле отту ар нерседен тазартуучу касиеттүү күч катары санашып, ата конушту (журтту), үй-жайды кесир-кесепеттен, адамдарды, о. эле малды оору-сыркоодон сактоо үчүн арча, адырашман түтөтүшүп, аласташкан. Конуш жаӊыртканда, көч кербенин «алас-алас, ар балээден калас» ‒ дешип, эки оттун ортосунан өткөрүшкөн. Жыл ажырашта да (Ноорузда) айылдагылар чогулуп, айылдын ортосуна чоӊ от жагып, «эски жыл кетти, жаӊы жыл келди, айдан аман, жылдан эсен бололу, алас-алас, ар балээден калас» ‒ деп, А. расмисин өткөрүп, бири-бирине каалоо-тилектерин айтышкан. Наристени бөлөөдө сөзсүз түрдө, баланын бешигин, төшөнчү-кийимин аласташкан. Мындай ырым-жырым байыртадан эле Борб. Азия жана Иран элдеринде кеӊири тарагандыгы белгилүү. Византия элчиси Земархты түрк каганы Истеми Актаг тоосунда салтанаттуу кабыл алуу учурунда аны от арасынан өткөргөндүгү тууралуу маалыматтар саякатчылардын эмгегинен учурайт. Арча, адырашман сыяктуу өсүмдүктөрдүн микробдорду өлтүрө ала турган дезинфекциялык касиети медицина тарабынан далилденип, бүгүнкү күндө күндөлүк турмушта да А. кеӊири пайдаланылууда.