Difference between revisions of "АККУМУЛЯТОР"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (2), ж‑а → жана (6)) |

| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
(лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу макса­тында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал ''батарея'' деген ат менен да белгилүү. Аларды за­ | '''АККУМУЛЯТОР''' (лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу макса­тында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал ''батарея'' деген ат менен да белгилүү. Аларды за­рядоонун жүрүшүндө хим. энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑хим. элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу А‑ду 1859‑ж. фр. физик Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энер­гиянын түрүнө жараша А. электрдик, гидрав­ликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик А. электр энергиясын хим. энергияга айландырып чогултат. Керек болгон­до ал энергия хим. реакциянын негизинде кай­ра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик А‑дун кислота­луу жана жегичтүү деген эки түрү бар. К и с л о т а л у у А‑дун электр кыймылдаткыч күчү жана пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондук­тан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдону­лат. Жегичтүү А. – жеңил жана жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдала­ньшат. Гидравликалык А. суюктуктун же газдын басымын жана чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ы­л у у л у к А. өнөр жай орнотмолорун буу жана энергия менен үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук жана күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энер­гиясын чогултат. Инерциялык А. сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мис., ай­лануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк. | ||
Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энер­гиянын түрүнө жараша А. электрдик, гидрав­ликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик А. электр энергиясын хим. энергияга айландырып чогултат. Керек болгон­до ал энергия хим. реакциянын негизинде кай­ра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик А‑дун кислота­луу жана жегичтүү деген эки түрү бар. | |||
16:07, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АККУМУЛЯТОР (лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу максатында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал батарея деген ат менен да белгилүү. Аларды зарядоонун жүрүшүндө хим. энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑хим. элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу А‑ду 1859‑ж. фр. физик Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энергиянын түрүнө жараша А. электрдик, гидравликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик А. электр энергиясын хим. энергияга айландырып чогултат. Керек болгондо ал энергия хим. реакциянын негизинде кайра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик А‑дун кислоталуу жана жегичтүү деген эки түрү бар. К и с л о т а л у у А‑дун электр кыймылдаткыч күчү жана пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондуктан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдонулат. Жегичтүү А. – жеңил жана жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдаланьшат. Гидравликалык А. суюктуктун же газдын басымын жана чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ыл у у л у к А. өнөр жай орнотмолорун буу жана энергия менен үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук жана күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энергиясын чогултат. Инерциялык А. сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мис., айлануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк.