Difference between revisions of "БАВАРИЯ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (3)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
‒ Германиянын түш.-чыгышындагы тарыхый обл. жана админ. аймактык бирдик. Аянты 70,6 миӊ ''км''2. Калкы 12,5 млн (2010). Админ. борбору ‒ Мюнхен ш. Ири шаарлары: Нюрнберг, Аугсбург, Регенсбург. «Б.» аталышы 6-к-дын ортосунда азыркы Б. аймагынын көбүн жана андан түш. жана чыгыш жерлерин мекендеген ''баварлар'' уруусунун атынан келип чыккан. Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-ж. герцог Тассилон IIIнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-к-дын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10‒13-к-да Б. герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет. Герцог Альбрехт IVнүн (1467‒1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Б. 16‒17-к-да Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-к-дын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801‒13-ж. Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-ж. Б. Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-ж. Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-ж-дагы Ноябрь рев-ясынын натыйжасында Б-да респ. өкмөт түзүлөт. 1919-ж. апрелде башында коммунисттер турган Бавария Сов. Респ. түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) б-ча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Б-да улутчул социал. (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933‒45) Б. фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюрнбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-ж. Б. амер. оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Б. ГФРдин жери катары анын курамында. | |||
''Ш. Керимова''
| ''Ш. Керимова''

18:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
‒ Германиянын түш.-чыгышындагы тарыхый обл. жана админ. аймактык бирдик. Аянты 70,6 миӊ км2. Калкы 12,5 млн (2010). Админ. борбору ‒ Мюнхен ш. Ири шаарлары: Нюрнберг, Аугсбург, Регенсбург. «Б.» аталышы 6-к-дын ортосунда азыркы Б. аймагынын көбүн жана андан түш. жана чыгыш жерлерин мекендеген баварлар уруусунун атынан келип чыккан. Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-ж. герцог Тассилон IIIнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-к-дын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10‒13-к-да Б. герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет. Герцог Альбрехт IVнүн (1467‒1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Б. 16‒17-к-да Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-к-дын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801‒13-ж. Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-ж. Б. Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-ж. Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-ж-дагы Ноябрь рев-ясынын натыйжасында Б-да респ. өкмөт түзүлөт. 1919-ж. апрелде башында коммунисттер турган Бавария Сов. Респ. түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) б-ча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Б-да улутчул социал. (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933‒45) Б. фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюрнбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-ж. Б. амер. оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Б. ГФРдин жери катары анын курамында.
Ш. Керимова