Difference between revisions of "«АК ШООЛА» БАЛДАРДЫН ТЕАТРЛАШТЫРЫЛГАН ЭЛДИК ХОРУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒  1985-ж. КРдин мад-тына эмг. сиӊ. ишмер, хормейстер Г. Эсенгулова уюштурган. Дирижёру С. Шабданалиева, концертмейстери Г. Чукуева. Хорго 2 жаштан 18 жашка чейинки 100дөн ашуун балдар катышат. Ал кенжелер тобу, даярдоо тобу ж-а концерттик топ болуп бөлүнөт. Репертуары кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан, элдик ж-а дүйнө элдеринин кеӊири белгилүү ырларынан турат. Кенже окуучулар үчүн сольфеджио, муз. сабат б-ча атайын окуу программасы, методикасы иштелип чыккан. Хор кыймыл м-н айкалыштырылып, театр элементтери киргизилген. 1993-ж. КРдин Билим берүү ж-а маданият министрлигинин чечими м-н ага «Балдардын үлгүлүү хору», 1995-ж. «Ак шоо
«Ак шоола» хору концерт учурунда.

ла» балдардын театрлаштырылган элдик үлгүлүү хору деген наам ыйгарылган. Хор өздүк көркөм чыг-лыгынын кароо-конкурстарына катышып турат. Бүткүлсоюздук балдар музыкасынын жумалыгына катышып биринчиликти жеӊип алган (1988). Түркия элге билим берүү министрлигинин атайын чакыруусу б-ча (1993) Анкарада, Стамбулда, Анталияда, о. эле Прибалтика ш-нда гастролдо болгон. Түркияда (1994), Россияда (1995), Болгариянын Варна ш-нда (1996) «Планета жаштары», Алматыда «Боз торгой» (1999) аттуу эл аралык балдар чыг-лыгынын конкурсуна катышып, 2-орунга ээ болгон. Россиянын Владимир, Суздаль, Вязники ш-нда концерт берген. 2006-ж. Россиянын Екатеринбург ш-да «Жер шары биздин жалпыбыз дын үйүбүз» деген эл аралык фестивалга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишкен. Элдик ж-а дүйнө классиктеринин 40ка жакын балдар ырларын Кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырган.