«АК ШООЛА» БАЛДАРДЫН ТЕАТРЛАШТЫРЫЛГАН ЭЛДИК ХОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

«АК ШООЛА» ‒ балдардын театрлаштырылган элдик хору. 1985-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, хормейстер Г. Эсенгулова уюштурган. Дирижёру С. Шабданалиева, концертмейстери Г. Чукуева. Хорго 2 жаштан 18 жашка чейинки 100дөн ашуун балдар катышат. Ал кенжелер тобу, даярдоо тобу жана концерттик топ болуп бөлүнөт. Репертуары кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан, элдик жана дүйнө элдеринин кеӊири белгилүү ырларынан турат. Кенже окуучулар үчүн сольфеджио, музыкалык сабат боюнча атайын окуу программасы, методикасы иштелип чыккан. Хор кыймыл менен айкалыштырылып, театр элементтери киргизилген. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин чечими менен ага «Балдардын үлгүлүү хору», 1995-жылы «Ак шоола» балдардын театрлаштырылган элдик үлгүлүү хору деген наам ыйгарылган. Хор өздүк көркөм чыгармачылыгынын кароо-конкурстарына катышып турат. Бүткүл союздук балдар музыкасынын жумалыгына катышып биринчиликти жеӊип алган (1988). Түркия Элге билим берүү министрлигинин атайын чакыруусу боюнча (1993) Анкарада, Стамбулда, Анталияда, ошондой эле Прибалтиканын шаарларында гастролдо болгон. Түркияда (1994), Россияда (1995), Болгариянын Варна шаарында (1996) «Планета жаштары», Алматыда «Боз торгой» (1999) аттуу эл аралык балдар чыгармачылыгынын конкурсуна катышып, 2-орунга ээ болгон. Россиянын Владимир, Суздаль, Вязники шаарларында концерт берген. 2006-жылы Россиянын Екатеринбург шаарында «Жер шары биздин жалпыбыздын үйүбүз» деген эл аралык фестивалга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишкен. Элдик жана дүйнө классиктеринин 40ка жакын балдар ырларын Кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырган.

«Ак шоола» хору концерт учурунда.

.