Difference between revisions of "АКЧА РЕФОРМАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ акчанын жүгүртүлүшүн тартипке келтирүү ж-а акча системасын чыӊдоо максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлүүчү мыйзамдуу өзгөртүү. А. р. учурунда баасын жоготкон кагаз акча жүгүртүүдөн алып ташталып, жаӊысы чыгарылат, акча бирдиги же анын алтын куну өзгөртүлөт да, бир акча тутумунан башка акча тутумуна өтүлөт. СССРде 1922‒24-ж. бирдиктүү акча системасы түзүлүп, червонец (туруктуу валюта), о. эле казына билети, күмүш ж-а жез монета чыгарылган. 1947-ж. 10:1 эсебинде акча алмаштырылган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ашык акча жүгүртүүдөн алып ташталып, сомдун күчү жогорула тылган. 1961-ж. акча белгиси жаӊысы м-н алмашылган (10:1). Кырг-н эгемендик алганы, 1993-жылдан тартып, кыргыздын улуттук акчасы ‒ сом пайдаланылат.