Difference between revisions of "АВУНКУЛАТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана)
1 -сап: 1 -сап:
'''АВУНКУЛАТ'''(лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке м-н жээндин ортосундагы укуктарды ж-а милдеттерди жөнгө салган салт. А-тын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, о. эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. А. б-ча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн ''таята, таене'', калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай ''таяке, таеже,'' таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү ''жээн'' болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык м-н аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар м-н да туугандык мамиле улантылат.
'''АВУНКУЛАТ'''(лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке менен жээндин ортосундагы укуктарды жана милдеттерди жөнгө салган салт. А-тын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, о. эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. А. б-ча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн ''таята, таене'', калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай ''таяке, таеже,'' таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү ''жээн'' болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык менен аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар менен да туугандык мамиле улантылат.

''А. Жапаров, Ы. Кадыров.''
''А. Жапаров, Ы. Кадыров.''

14:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АВУНКУЛАТ(лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке менен жээндин ортосундагы укуктарды жана милдеттерди жөнгө салган салт. А-тын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, о. эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. А. б-ча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн таята, таене, калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай таяке, таеже, таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү жээн болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык менен аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар менен да туугандык мамиле улантылат.

А. Жапаров, Ы. Кадыров.