Difference between revisions of "АКТАН уулу Табылды"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

уулу Табылды (12. 3. 1949-ж. т., Нарын обл., Нарын р-ну, Өрнөк айылы) ‒ драматург, режиссёр, актёр, төкмө акын, обончу. Манасчы А. Тыныбековдун уулу. КРдин эл арт. (1993), М. Рыскулов атн. сыйл. лауреаты (1994). 1968-ж. театр өнөрүндө ишмердигин баштаган. Нарын ш-нда «Манас руху» этнофольклордук театрды уюштурган. Нарындагы М. Рыскулов атн. муз. драма театрынын көркөм жетекчиси ж-а режиссёру. Актёр катарында ар кыл образдарды сахнага алып чыккан: Шут (У. Шекспир, «Король Лир»), Тыналиев (Ч. Айтматов, «Эрте
АКТАН9.png

жаздагы турналар»), Сапарбай (Н. Давлесов, «Аста-секин, колукту»), Кулмырза (Т. Эрматов, «Ак Саткын менен Кулмырза»), Токтогул (Н. Байтемиров, «Токтогул») ж. б. Драматург катары «Эр Табылды», «Теӊирим Манас», «Азизкандын Алмамбет», «Аксак кулан», « Реквием», «Кылым мүш күлү», «Барсбек» ж. б. драмаларын жазган. Ч.Айтматовдун «Чыӊгызкандын ак булуту», Э.Өмүракуновдун «Жыландар ханышасы», өзүнүн «Аксак кулан», «Реквием», А. Рюнесконун «Кандуу күн», Софоклдун «Эдип шаа» чыгармаларын инсценировкалаган ж-а сахнага чыгарган. «Айыл өкмөтү» кинофильминен (реж. Э. Абдыжапаров) Ташматтын ролун аткарган. «Келсеӊчи», «Ойлодуӊ бекен», «Билгин жигит», «Өмүрлөшүмө», «Манас жөнүндө ыр», «Асан кай гы», «Барсбек» (күү) ж. б. элүүдөн ашуун обон-күүлөрдүн автору. Кытай, Түркия, Индия ж. б. өлкөлөрдө өткөн эл аралык театр фестивалдарынын лауреаты.