Difference between revisions of "АК-СУУ МӨҢГҮСҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 ‒ Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөӊгү. Исфара суусунун алабында жайгашкан. Уз. 11,4 км, аянты 17,4 км2, абляциясынын аянты 4,6 км2. Көлөмү 1,6 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4500 м, этеги 3140 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3680 м. Этегинин 3,4 кмдей жери калыӊ шагылдуу мореналар м-н капталган. Дого сымал аскалуу тик капталдардан салаалаган мөӊгү тармактары кошулуп, бир чоӊ татаал мөӊгүнү түзөт. Четки ж-а аяккы мореналар жакшы өөрчүгөн. Мөӊгү жылына 10‒15 мге чегинүүдө. Андан Ак-Суу суусу башталып, Исфаранын сол курамы Каравшинге куят.