Difference between revisions of "АЛТАЙ ТИЛИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
(1948-ж. чейин ойрот тили) –
'''АЛТАЙ ТИЛИ''' (1948-ж. чейин ойрот тили) – Россия Федерациясынын Алтай крайындагы Тоолуу Алтай автоном. обл-нда жашаган жергиликтүү элдин тили. Алтай тили түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыргыз-кыпчак тобуна кирип, ал бир нече майда диалектилик топтордон ж-а түн., түш. болуп бөлүнгөн 2 чоң диалектиден турат. Түндүк диалектиге туба, куманды, чалканды; түш. диалектиге алтай-кижи, телеут, телеңгит кирет. Алтай тилинин түш. диалектиси байыркы кыргыз тилинин 5-10-кылымдардагы абалын көрсөтүп, кыргыз тили м-н бир классификациялык топту түзөт. Лексикалык, фонет., граммат. белгилери б-ча кыргыз тилине өтө жакын. 19-к-дын орто ченинде орус миссионерлери телеут диалектисинин негизинде алтайлыктар үчүн орус графикасындагы жазууну иштеп чыгышкан. 1922-ж. миссионерлер түзгөн графика кайрадан алтай-кижи диалектисинин негизинде жаңыча түзүлүп, азыркы алтай адабий тилинин негизин түзгөн. 1928-ж. алтайлыктар латын тамгасын кабыл алып, бирок кайрадан 1938-ж. орус графикасына өтүшкөн. Алтай тилинде 8 кыска (а, э, ө, а, ы, и, у, ү), 6 созулма үндүү (аа, ээ, оо, өө, уу, үү) ж-а 26 үнсүз тыбыш бар. Алтай тилинде үндөштүк закону сакталган. Лексикасында моңгол, орус тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр көп.<br>
Россия Федерациясынын Алтай крайындагы
Ад.: Грамматика ойротского языка. Новосибирск, 1938; ''Баскаков Н. А.'' Алтайский язык . М., 1958.<br>
Тоолуу Алтай автоном. обл-нда жашаган жерг.
элдин тили. А. т. түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыргыз-кыпчак тобуна кирип, ал бир нече майда диалектилик
топтордон ж-а түн., түш. болуп бөлүнгөн 2 чоң
диалектиден турат. Түндүк диалектиге туба,
куманды, чалканды; түш. диалектиге алтай-кижи, телеут, телеңгит кирет. А. т-нин түш.
диалектиси байыркы кыргыз тилинин 5-10-кдардагы абалын көрсөтүп, кыргыз тили м-н бир
классификациялык топту түзөт. Лексикалык,
фонет., граммат. белгилери б-ча кыргыз тилине өтө жакын. 19-к-дын орто ченинде орус миссионерлери телеут диалектисинин негизинде
алтайлыктар үчүн орус графикасындагы жазууну иштеп чыгышкан. 1922-ж. миссионерлер
түзгөн графика кайрадан алтай-кижи диалектисинин негизинде жаңыча түзүлүп, азыркы алтай адабий тилинин негизин түзгөн. 1928-ж. алтайлыктар латын тамгасын кабыл алып, бирок
кайрадан 1938-ж. орус графикасына өтүшкөн.
А. т-нде 8 кыска (а, э, ө, а, ы, и, у, ү), 6 созулма
үндүү (аа, ээ, оо, өө, уу, үү) ж-а 26 үнсүз тыбыш
бар. А. т-нде үндөштүк закону сакталган. Лексикасында моңгол, орус тилинен өздөштүрүлгөн
сөздөр көп.<br>
Ад.: Грамматика ойротского языка. Новосибирск,
1938; ''Баскаков Н. А.'' Алтайский язык . М., 1958.<br>
 

10:05, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АЛТАЙ ТИЛИ (1948-ж. чейин ойрот тили) – Россия Федерациясынын Алтай крайындагы Тоолуу Алтай автоном. обл-нда жашаган жергиликтүү элдин тили. Алтай тили түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыргыз-кыпчак тобуна кирип, ал бир нече майда диалектилик топтордон ж-а түн., түш. болуп бөлүнгөн 2 чоң диалектиден турат. Түндүк диалектиге туба, куманды, чалканды; түш. диалектиге алтай-кижи, телеут, телеңгит кирет. Алтай тилинин түш. диалектиси байыркы кыргыз тилинин 5-10-кылымдардагы абалын көрсөтүп, кыргыз тили м-н бир классификациялык топту түзөт. Лексикалык, фонет., граммат. белгилери б-ча кыргыз тилине өтө жакын. 19-к-дын орто ченинде орус миссионерлери телеут диалектисинин негизинде алтайлыктар үчүн орус графикасындагы жазууну иштеп чыгышкан. 1922-ж. миссионерлер түзгөн графика кайрадан алтай-кижи диалектисинин негизинде жаңыча түзүлүп, азыркы алтай адабий тилинин негизин түзгөн. 1928-ж. алтайлыктар латын тамгасын кабыл алып, бирок кайрадан 1938-ж. орус графикасына өтүшкөн. Алтай тилинде 8 кыска (а, э, ө, а, ы, и, у, ү), 6 созулма үндүү (аа, ээ, оо, өө, уу, үү) ж-а 26 үнсүз тыбыш бар. Алтай тилинде үндөштүк закону сакталган. Лексикасында моңгол, орус тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр көп.
Ад.: Грамматика ойротского языка. Новосибирск, 1938; Баскаков Н. А. Алтайский язык . М., 1958.