Difference between revisions of "АКЕ"
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКЕ''', а г а, а б а, б а й к е – 1) өзүнөн улуу эркек кишилерди урматтоо, сыйлоо, ызааттоо иретинде айтылуучу сөз; 2) айрым жерлерде кыр­гыздын салты б‑ча туугандардын ичинде келин­дердин кайнагаларын тергегени. Мында кайсы кайнагасын айтып жатканын дааналоо үчүн алардын ар кимисине көмөкчү аттарды коюп аташкан (молдоаке, төкөраке); 3) калыс болуп, адилеттикти туу тутуп, турмушта чындыктан тайбаган, эл мүдөөсүн аркалап, келечекти көрө билген акылман, калың журттун сый‑урматы­на ээ болгон даанышман инсандардын ардак­туу наамы. Өткөн замандарда эл ичинде талаш­тартыштарды акыйкаттык м‑н чечкен адамдын аброю жогорулап, барган сайын А. деп атала баштаган. Мындай А‑лер ар бир элде, урууда болгон. Мис., 18‑к‑дын аягы – 19‑к‑дын башын­да Ысык‑Көл өрөөнүндө Мойт ж‑а Сарт аттуу адамдар жашап, алар өздөрүнүн акылмандуу­лугу м‑н жалпы элге белгилүү болушкан. Алар өздөрүнүн баалуу кеңештери, нускалуу сөзү, жасаган иштери м‑н көл кылаасындагы элде кадыр‑баркка ээ болушуп, чоң жыйындар алар­сыз өтпөптүр. 1840‑ж. Жыргалаң суусунун бо­юнда чоң жыйын өткөрүлүп, тарыхта белгилүү инсан ''Тилекмат'' Жылкыайдар уулу элге: мын­дан ары Мойт атаны, Сарт абаны «Аке» деп ардактайлы деген сунуш м‑н кайрылганда, эл жапырт колдоп, ошондон алар ''Мойт аке'' (90дон өткөн учурда), ''Сарт аке'' (80ге караган кезде) ата­лып калат. Ошондон кийин бул тараптан ''С''а­''дыр аке, Карач аке, Кыдыр аке'' өндүү акылман­дар чыгат. Кийинки учурда аларга ''Карга аке'' м‑н ''Тилекмат аке'' кошулуп, бардыгы жети А. эл арасында айтылып жүрөт.<br> | |||
К. ''Асанбеков.''<br> | |||
19:19, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АКЕ, а г а, а б а, б а й к е – 1) өзүнөн улуу эркек кишилерди урматтоо, сыйлоо, ызааттоо иретинде айтылуучу сөз; 2) айрым жерлерде кыргыздын салты б‑ча туугандардын ичинде келиндердин кайнагаларын тергегени. Мында кайсы кайнагасын айтып жатканын дааналоо үчүн алардын ар кимисине көмөкчү аттарды коюп аташкан (молдоаке, төкөраке); 3) калыс болуп, адилеттикти туу тутуп, турмушта чындыктан тайбаган, эл мүдөөсүн аркалап, келечекти көрө билген акылман, калың журттун сый‑урматына ээ болгон даанышман инсандардын ардактуу наамы. Өткөн замандарда эл ичинде талаштартыштарды акыйкаттык м‑н чечкен адамдын аброю жогорулап, барган сайын А. деп атала баштаган. Мындай А‑лер ар бир элде, урууда болгон. Мис., 18‑к‑дын аягы – 19‑к‑дын башында Ысык‑Көл өрөөнүндө Мойт ж‑а Сарт аттуу адамдар жашап, алар өздөрүнүн акылмандуулугу м‑н жалпы элге белгилүү болушкан. Алар өздөрүнүн баалуу кеңештери, нускалуу сөзү, жасаган иштери м‑н көл кылаасындагы элде кадыр‑баркка ээ болушуп, чоң жыйындар аларсыз өтпөптүр. 1840‑ж. Жыргалаң суусунун боюнда чоң жыйын өткөрүлүп, тарыхта белгилүү инсан Тилекмат Жылкыайдар уулу элге: мындан ары Мойт атаны, Сарт абаны «Аке» деп ардактайлы деген сунуш м‑н кайрылганда, эл жапырт колдоп, ошондон алар Мойт аке (90дон өткөн учурда), Сарт аке (80ге караган кезде) аталып калат. Ошондон кийин бул тараптан Садыр аке, Карач аке, Кыдыр аке өндүү акылмандар чыгат. Кийинки учурда аларга Карга аке м‑н Тилекмат аке кошулуп, бардыгы жети А. эл арасында айтылып жүрөт.
К. Асанбеков.