Difference between revisions of "АДЕНАУЭР"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЕНАУЭР''' Конрад (5. 1. 1876, Кёльн, Герман империясы – 19. 4. 1967, Бад‑Хоннеф, ГФР) – Германиянын саясий ж‑а мамл. ишмери. ГФРди негиздөөчүлөрдүн, анын Негизги мыйзамынын (конституциясынын) авторлорунун бири. 1917–33‑ж. Кёлнь ш‑нын обер‑бургомистри, 1920–32‑ж. Пруссия Мамл. кеңешинин төрагасы, Веймар Респ‑нын (1919–33) тушунда «Ортолук» партиясынын көрүнүктүү ишмери болгон. Фашисттер бийликке келгенден кийин А. мамл. кызматтардан четтетилип, 1944‑ж. Гитлерге каршы козголоңдон кийин камакка алынган. Согуштан кийин А. ГФРдин алгачкы федералдык канцлери (1949–63), тышкы иштер министри (1951–55) болуп иштеген. Христиан‑демокр. союздун (1946) негиздөөчүлөрүнүн бири ж‑а 1950‑жылдан анын төрагасы. А. согуштан кийинки Германиянын экономикасын өнүктүрүүдө ж‑а демократиялуу мамлекетке айландырууда зор салым кошкон. Анын башкарган мезгили ГФРдин тарыхында «Аденауэр доору» аталып калган. | |||
''А. Орозов.''<br> | ''А. Орозов.''<br> | ||
<br> | <br> |
15:04, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АДЕНАУЭР Конрад (5. 1. 1876, Кёльн, Герман империясы – 19. 4. 1967, Бад‑Хоннеф, ГФР) – Германиянын саясий ж‑а мамл. ишмери. ГФРди негиздөөчүлөрдүн, анын Негизги мыйзамынын (конституциясынын) авторлорунун бири. 1917–33‑ж. Кёлнь ш‑нын обер‑бургомистри, 1920–32‑ж. Пруссия Мамл. кеңешинин төрагасы, Веймар Респ‑нын (1919–33) тушунда «Ортолук» партиясынын көрүнүктүү ишмери болгон. Фашисттер бийликке келгенден кийин А. мамл. кызматтардан четтетилип, 1944‑ж. Гитлерге каршы козголоңдон кийин камакка алынган. Согуштан кийин А. ГФРдин алгачкы федералдык канцлери (1949–63), тышкы иштер министри (1951–55) болуп иштеген. Христиан‑демокр. союздун (1946) негиздөөчүлөрүнүн бири ж‑а 1950‑жылдан анын төрагасы. А. согуштан кийинки Германиянын экономикасын өнүктүрүүдө ж‑а демократиялуу мамлекетке айландырууда зор салым кошкон. Анын башкарган мезгили ГФРдин тарыхында «Аденауэр доору» аталып калган.
А. Орозов.