Difference between revisions of "АВУНКУЛАТ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВУНКУЛАТ'''(лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке м-н жээндин ортосундагы укуктарды ж-а милдеттерди жөнгө салган салт. А-тын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, о. эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. А. б-ча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн ''таята, таене'', калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай ''таяке, таеже,'' таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү ''жээн'' болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык м-н аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар м-н да туугандык мамиле улантылат. | '''АВУНКУЛАТ'''(лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке м-н жээндин ортосундагы укуктарды ж-а милдеттерди жөнгө салган салт. А-тын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, о. эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. А. б-ча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн ''таята, таене'', калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай ''таяке, таеже,'' таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү ''жээн'' болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык м-н аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар м-н да туугандык мамиле улантылат. | ||
''А. Жапаров, Ы. Кадыров.'' | ''А. Жапаров, Ы. Кадыров.'' |
14:53, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АВУНКУЛАТ(лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке м-н жээндин ортосундагы укуктарды ж-а милдеттерди жөнгө салган салт. А-тын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, о. эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. А. б-ча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн таята, таене, калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай таяке, таеже, таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү жээн болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык м-н аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар м-н да туугандык мамиле улантылат.
А. Жапаров, Ы. Кадыров.