Difference between revisions of "АЖЫБЕК баатыр"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Kerimova-59 moved page АЖЫБЕК to АЖЫБЕК баатыр)
(Айырма жок)

11:46, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЖЫБЕК Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, Ат‑Башы жергеси – 1856, Какшаалдын Кулаган деген жери) – манап, 19‑к‑дын 1‑жарымында черик уруусун башкарган. Атасы Ток­тобай белгилүү мүлүшкөр болгон. Анын уулда­рынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт каш­касы» аталган. А‑тин баатырдыгы элдик сан­жыра б‑ча Кокон хандыгынын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу Ат-­Башыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817–18‑ж.). Бул жортуулдан 10–12 ж. өткөн соң гана 1831‑ж. Хаккула миңба­шы мындагы кыргыздарды жазалоо ж‑а Кокон­го каратуу максатында жаңы чапкын жасаган. 1830‑ж. Ат‑Башы өрөөнүндөгү Чекендинин та­лаасында, 1832‑ж. Аксайдагы Чычаардын бели м‑н Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасын­да «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) кокон аскерлери м‑н кыргыздардын ортосунда сал­гылашуу болуп, А. баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Хаккула миңбашынын жортуулунун натыйжасында, Ички Теңир‑Тоодо Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847‑ж. Кенесары Касым уулу баштаган казактардын кыргыздар­га жасаган чапкынында А. баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал Ормон хан м‑н үзөңгүлөш жүргөн адамдар­дан болгон. Кезинде Ормон хан А. м‑н куда болуп, уулу Чаргынды баатырдын жакын тууга­ны Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты – Кашкар, Кул­жа, Турпан ж. б. шаарларга кыргыз айылда­рын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алар­дан акы алуу м‑н элин баккан. Кашкардан би­лимдүү кожо‑молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. 2000‑ж. Ажыбек баатырдын 200 жыл­дыгы белгиленип, Ат‑Башыда эстелиги орнотул­ган.

Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.