Difference between revisions of "АЛЫШБАЕВ Жумагул"
м (1 версия) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЫШБАЕВ''' Жумагул (1922, Ысык-Көл обл., | |||
р-ну, Кереге-Таш айылы – 15. 8. 1969, | |||
Фрунзе) – экономист, экономика илимд. доктору (1966), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын | Фрунзе) – экономист, экономика илимд. доктору (1966), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын | ||
академиги (1964). Пржевальск пед. окуу жайын бүткөн (1939). Кочкор р-нунда орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп | академиги (1964). Пржевальск пед. окуу жайын бүткөн (1939). Кочкор р-нунда орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп | ||
28 -сап: | 29 -сап: | ||
промышленности в Киргизии. Ф., 1965; Экономикалык илимдердин милдеттери жана анын кээ бир | промышленности в Киргизии. Ф., 1965; Экономикалык илимдердин милдеттери жана анын кээ бир | ||
актуалдуу маселелери жөнүндө, Ф., 1969.<br> | актуалдуу маселелери жөнүндө, Ф., 1969.<br> | ||
14:47, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЛЫШБАЕВ Жумагул (1922, Ысык-Көл обл.,
р-ну, Кереге-Таш айылы – 15. 8. 1969, Фрунзе) – экономист, экономика илимд. доктору (1966), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1964). Пржевальск пед. окуу жайын бүткөн (1939). Кочкор р-нунда орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1939-45-ж. Сов. Армияда кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945- 47-ж. Кырг-н JIKCM Талас обкомунун секретары, Кырг-н JIKCM БКнын секретары. 1947-53-ж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепте ж-а КПСС БКнын алдындагы коомдук академиянын аспирантурасында окуган. 1953-54-ж. Кырг-н КП БКнын алдындагы респ. парт, мектепте директор, Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1956-58), Кыргыз ССР ИАнын экономика интунда сектор башчы (1958-68), КСЭнин Башкы
редакторунун орун басары
(1968-69) болуп иштеген. А.
конкреттүү экономиканын
айрым тармактары, экономика теориясы б-ча адис катары 200дөн ашуун ил. эмгек жазган. Эмгектеринде
Кырг-нда өнөр жай курулушу ж-дөгү маселелер каралып, өнөр жайынын рационалдуу өнүгүү багыты, ыңгайлуу жайгаштыруу жол
дору далилденген. Кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедия – КСЭни даярдап чыгаруу үчүн
түзүлгөн Башкы редакцияны уюштурууга ж-а
болочок энциклопедиянын сөздүгүн түзүүгө зор
эмгек жумшаган. Кызыл Жылдыз, эки II даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, Эмгек
Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а
медалдар м-н сыйланган. Ысмы туулуп-өскөн
айылындагы орто мектепке берилген.
Эмг.: Перспективы и проблемы развития тяжёлой
промышленности в Киргизии. Ф., 1965; Экономикалык илимдердин милдеттери жана анын кээ бир
актуалдуу маселелери жөнүндө, Ф., 1969.