Difference between revisions of "БОТСВАНА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

. Биринчи жалпы шайлоодо Б. демокр. партиясы (БДП) жеңип чыгып, анын лидери Кхама IIIнүн небереси Серетсе Кхама Б-нын биринчи президенти болгон. Ал коңшулаш Түш. Родезия, Намибия ж-а Түш. Африкадагы расисттик режимдерге каршы күрөшкө байланыштуу окуяларга катышкан. 1970–80-ж. анын аймагы саясий эмигранттар үчүн баш калкалоочу жай катары колдонулган. Б-нын чек ара аймактары ж-а анын борбору Габорон түш. африкалык «коммандосторунун» бир нече жолку кол салууларына дуушар болушкан. 1994-ж. Түш. Африка Республикасында (ТАР) апартеид режими кулагандан кийин гана тышкы коркунуч жоюлган. Б. – Африкадагы Конституцияда белгиленген демокр. ин-ттар, а. и. парламенттик башкаруу, саясий эркиндиктер ж-а басма сөз эркиндиги сакталып калган жалгыз өлкө. Бийликти өткөрүп берүү конституциялык жол м-н жүзөгө ашырылат. Өлкөдөгү ички саясий туруктуулук Б-нын кедей өлкөдөн демокр. ж-а тездик м-н өнүгүп келе жаткан мамлекетке айланышына өбөлгө түзгөн. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бардык парламенттик шайлоолордо Б. Демокр. партиясы (БДП) жеңишке жетишип, анын лидери Фестус Могаэ өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2004-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы б-ча оппозиция парламентте Улуттук фронт партиясы тарабынан көрсөтүлгөн.