Difference between revisions of "БОЛИВИЯ МАМЛЕКЕТИНИН тарыхына кошумча"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

. 2005-ж. Меса кызматтан кетип, жалпы шайлоодо солчул синдикалист Эво Моралес Айма бийликке келген. Ал  Б-нын тарыхында өлкөнүн президенттик кызматын ээлеген биринчи индеец болгон. Б-да демокр. ж-а маданий революция башталып, саясий үстөмдүккө солчул радикалдык индеецтер, синдикалисттер ж-а "Социализмге карай кыймыл" партиясы ээ болгон. 2006-ж. Моралес өкмөтү мунай ж-а газ тармагын улутташтырган. 2009-ж. референдумда жаңы Конституция кабыл алынган. Жаңы конституцияга ылайык мамлекет экономиканын негизги тармактарын көзөмөлгө алып, газ ж. б. жаратылыш байлыктарын улутташтырган. О. эле католик дини мамл. дин статусунан ажырап,  өлкөнүн түпкүлүктүү калкы - индейлердин укуктарын кеңейткен. Испан тилинен тышкары өлкөдөгү индей элдеринин тилдери расмий тил деп жарыяланган. Индей жамааттары өлкөнүн аймактары катары мыйзамдаштырылган. Азыркы учурда Колумбия ж-а Перу м-н катар Б. дүйнөлүк рынокко негизги кокаин ташуучу болуп эсептелет. БУУнун маалыматы б-ча өлкөдө кокаин плантацияларынын аянты 23 миң гектардан ашык. 2019-ж. шайлоодо Эво Моралес кызматтан кетип, 2020-ж. Б-гы жалпы шайлоонун жыйынтыгы м-н бийликке Луис Арсе келген.