Difference between revisions of "БАНГЛАДЕШ мамлекетинин тарыхына кошумча."

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 Анын демилгеси м-н 1972-ж. Б-те социалдык-экон. өнүгүү стратегиясы иштелип чыгып, анда экономиканын негизги тармактарын улутташтыруу, мамл. секторду өнүктүрүү ж-а агрардык реформа программалары камтылган. Жер реформасы жүргүзүлүп, 10 млн качкындын көйгөйү чечилген.  Жаңы армия түзүлүп,  ачкачылык алдын алынган. Өлкөгө баштапкы билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. социалдык маселелерди чечүү б-ча атайын программалар кабыл алынган. О. эле ислам топторунун талабы б-ча спирт ичимдиктерине ж-а кумар оюндарына тыюу салынган. 1972-жылдын аягында өлкөнүн Конституциясы күчүнө кирип, көп партиялуу система (30дан ашуун саясий партия катышкан) орногон. 

1974-ж. жайында өлкөдө болгон суу ташкыны түшүмдүн 80%тин жууп кетип, массалык ачкачылыкка алып келген. Суу ташкынынан 2000 адам өлүп, миллиондогон адамдар жабыркаган. Мунайдын дүйнөлүк баасынын кескин жогорулашынан өлкөдө инфляция күчөгөн. 1975-жылдын аягында өкмөт кулатылып, Муджибур Рахман өлтүрүлгөн. 1976-ж. ноябрда бийлик армияга биротоло өтүп, 1977-ж. апрелде генерал Зияур Рахман өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1978-ж. сентябрда З. Рахман башында турган Б. улутчул партиясы түзүлгөн. Муджибур Рахмандын кызы Хасина Вазед жетектеген Авами лигасы партиясы З. Рахмандын режимин кулатуу үчүн күрөшү күчөгөн. 1990-ж. студенттердин демонстрациясы м-н оппозициянын кысымынан генерал Эршаддын аскердик өкүлдөрү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. 1991-ж. февралда өткөн шайлоодо президент Рахмандын жесири Халеда Зия Рахман баштаган Б. улутчул партиясы жеңишке ээ болгон. 1991-жылы августта парламенттик башкаруу системасын киргизген. 1996-жылдын июнь айында болгон жаңы шайлоолор Авами лигасын бийликке алып келген. Муджибур Рахмандын солчул-центристтик саясий принциптерин туруктуу колдогон Хасина Вазед 2008-ж. кайрадан жеңишке жетип, бийликке келген. Ал 2014-ж-дагы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, өз бийлигин улантууда. премьер-министрдин кызматын сактап калды.