Difference between revisions of "ГОМУЛКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022_2vol>KadyrM
new2022_2vol>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
   Владислав (6. 2. 1905, Бялобжеги, Кросно ш-на жакын, Галиция ж-а Лодомерия королдугу, Австро-Венгрия  – 1. 9. 1982, Варшава, ПЭР) – поляк мамлекеттик ж-а саясий ишмери.  Польша жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин Генералдык секретары (1943–48), Польша Бириккен жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин 1-секретары (1956–70). Ал баштапкы билимге гана ээ болуп, механик болуп иштеген. Химия өнөр жайынын жумушчуларынын кесиптик бирлигинин лидерлеринин бири (1926–29), 1926-жылдан Польша Коммунисттик партиясынын мүчөсү. 1932–34-ж. коммунисттик ишмердүүлүгү үчүн эркинен ажыратылган. 1934–35-ж. Москвадагы Ленин мектебинде окуган. 1936–39-ж.  кайрадан Польшада камакка алынган. 1939–41-ж. СССРде жашаган. 1941-жылдан ВКП (б) нын мүчөсү. Варшаваны коргоодо Варшава уюмунун башка коммунисттери м-н биргеликте Гомулка ыктыярчылардан түзүлгөн Варшаваны Коргоо жумушчулар бригадасынын катарында борборду коргогон, гарнизон багынып бергенден кийин Львовго качып кеткен, 1942-ж. польшалык Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Польша Жумушчу партиясын түзүүчүлөрдүн бири. 1942-ж. жаңы түзүлгөн Польша Жумушчу партиясынын Борбордук Комитетине кирген. 1943–48-ж. Польша Жумушчу партиясынын Генералдык секретары. 1944-ж. июлда Советтик аскерлер Польшага киргенден кийин Люблинге келип, ал жерде Польша Улуттук боштондук комитетинин мүчөсү болгон. 1944-жылдын декабрь айынан кайтарылган аймактар ​​б-ча министр ж-а вице-премьер-министр. Гомулка Польшада советтик тартипти сактоодо "кичинекей Сталин" деп аталган. Бирок, 1948-ж. 3-сентябрда "Социализмге карай поляк жолу" идеясын жактаган Гомулка "оңчул улутчулдуктан четтеп кетти" деп айыпталып, Польша Жумушчу партиясынын Генералдык секретары кызматынан алынып салынган. 1948-ж. декабрда ал "өз каталарын мойнуна алган", бирок Польшанын Бириккен жумушчу партиясы түзүлгөндөн кийин КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү болуп шайланган эмес. 1949-ж. январда ал бардык мамлекеттик кызматтарынан бошотулуп, ошол эле жылдын ноябрында Польшанын Бириккен жумушчу партиясынан чыгарылган. 1951-ж. июлда Гомулка камакка алынып, 1954-жылга чейин түрмөдө отурган. 1956-ж. Польшадагы саясий кризис учурунда.салтанаттуу түрдө күч структураларына кайтып келген. 1956-ж. августта анын партиялуулугу калыбына келтирилген, ошол эле жылдын октябрь айында Польшанын Бириккен жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин 8-пленумунда Польшанын Бириккен жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин 1-секретары ж-а саясий бюросунун мүчөсү болуп шайланган. Ал бир катар реформаларды жүргүзгөн. Агрардык саясатты кайра карап чыгуу, католик чиркөөсү м-н мамилелерди нормалдаштыруу, жумушчулардын өзүн-өзү башкаруусун өркүндөтүү ж. б. маселелерди караган. Анын натыйжасында айылдагы колхоздордун көпчүлүгү жоюлуп, католик чиркөөсүн куугунтуктоо токтотулган. Ошол эле учурда Гомулка Польшадагы саясий оппозицияга каршы чечкиндүү күрөшкөн. Ал 1970-ж. Польша м-н ФРГнын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу ж-дө поляк-герман келишимин түзүүгө салым кошкон. 1970-ж. азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө нааразы болгон массалык толкундоолордун натыйжасында отставкага кетүүгө аргасыз болгон.  <br>
   Владислав (6. 2. 1905, Бялобжеги, Кросно ш-на жакын, Галиция ж-а Лодомерия королдугу, Австро-Венгрия  – 1. 9. 1982, Варшава, ПЭР) – польшалык мамл. ж-а саясий ишмери.  Польша жумушчу партиясы (ПЖП) БКнын Генералдык секретары (1943–48), Польша Бириккен жумушчу партиясы (ПБЖП) БКнын  1-секретары (1956–70). 1926-жылдан Польша КПнын мүчөсү. 1932–34-ж. коммунисттик ишмердүүлүгү үчүн эркинен ажыратылган. 1934–35-ж. Москвадагы Ленин мектебинде окуган. 1936–39-ж.  кайрадан Польшада камакта. 1939–41-ж. СССРде жашаган. 1941-жылдан ВКП (б) нын мүчөсү. 1942-ж. польшалык Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Польша Жумушчу партиясын (ПЖП) түзүүчүлөрдөн. 1942-жылдан ПЖП БКнын мүчөсү. 1943–48-ж. ПЖП БКнын Генералдык секретары. 1944-ж. июлдан Польша Улуттук боштондук комитетинин мүчөсү. 1944-ж. декабрдан кайтарылган аймактар ​​б-ча министр ж-а вице-премьер-министр. 1948-ж. 3-сентябрда Г. "оңчул улутчулдуктан четтеп кетти" деп айыпталып, ПЖПнын Генералдык секретары кызматынан алынган. 1951–54-ж. түрмөдө отурган. 1956-ж. августта анын партиялуулугу калыбына келтирилип, ПЖП БКнын 8-пленумунда ПБЖП БКнын 1-секретары ж-а саясий бюро мүчөсү. Ал бир катар реформаларды жүргүзгөн. 1970-ж. азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө нааразы болгон массалык толкундоолордун натыйжасында отставкага кетүүгө аргасыз болгон''''''



18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 Владислав (6. 2. 1905, Бялобжеги, Кросно ш-на жакын, Галиция ж-а Лодомерия королдугу, Австро-Венгрия  – 1. 9. 1982, Варшава, ПЭР) – польшалык мамл. ж-а саясий ишмери.  Польша жумушчу партиясы (ПЖП) БКнын Генералдык секретары (1943–48), Польша Бириккен жумушчу партиясы (ПБЖП) БКнын  1-секретары (1956–70). 1926-жылдан Польша КПнын мүчөсү. 1932–34-ж. коммунисттик ишмердүүлүгү үчүн эркинен ажыратылган. 1934–35-ж. Москвадагы Ленин мектебинде окуган. 1936–39-ж.  кайрадан Польшада камакта. 1939–41-ж. СССРде жашаган. 1941-жылдан ВКП (б) нын мүчөсү. 1942-ж. польшалык Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Польша Жумушчу партиясын (ПЖП) түзүүчүлөрдөн. 1942-жылдан ПЖП БКнын мүчөсү. 1943–48-ж. ПЖП БКнын Генералдык секретары. 1944-ж. июлдан Польша Улуттук боштондук комитетинин мүчөсү. 1944-ж. декабрдан кайтарылган аймактар ​​б-ча министр ж-а вице-премьер-министр. 1948-ж. 3-сентябрда Г. "оңчул улутчулдуктан четтеп кетти" деп айыпталып, ПЖПнын Генералдык секретары кызматынан алынган. 1951–54-ж. түрмөдө отурган. 1956-ж. августта анын партиялуулугу калыбына келтирилип, ПЖП БКнын 8-пленумунда ПБЖП БКнын 1-секретары ж-а саясий бюро мүчөсү. Ал бир катар реформаларды жүргүзгөн. 1970-ж. азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө нааразы болгон массалык толкундоолордун натыйжасында отставкага кетүүгө аргасыз болгон.