Difference between revisions of "ГЕНУЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
(1922) – экономика ж-a финансы маселелери б-ча эл аралык конференция. 10-апрелден 19-майга чейин Генуя ш-нда (Италия) өтүп, ага 29 | '''('''1922''')''' – экономика ж-a финансы маселелери б-ча эл аралык конференция. 10-апрелден 19-майга чейин Генуя ш-нда (Италия) өтүп, ага 29 өлкө катышкан. РСФСР делегациясынын жетекчиси В. И. Ленин Генуяга бара албагандыктан, орун басары Г. В. Чичеринди жиберген. РСФСР делегациясынын курамына Л. Б. Красин, М. М. Литвинов, В. В. Воровский, Я. Э. Рудзутак, А. А. Иоффе ж. б. кирген. Делегация жалаң эле РСФСРдин эмес, бардык сов. республикалардын (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Бухара ж. б. таламдарын жактаган. Конф-я Улуу Британиянын демилгеси м-н чакырылган. АКШ Г. конф-ясынын ишине катышуудан баш тарткан. Г. конф-ясына катышкан Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү арасында Д. Ллойд Джордж, Дж. Н. Керзон (Великобритания), К. Й. Вирт, В. Ратенау (Германия), Л. Факта (Италия), Л. Барту, К. Баррер (Франция) ж. б. активдүү роль ойногон. Г. конф-ясынын расмий максаты Борб. ж-a Чыгыш Европанын экономикасын калыбына келтирүү эле, бирок иш жүзүндө империалисттик өлкөлөр саясий ж-a экон. жактан Совет өлкөсүнө кысым жасап, Россияда «тынчтык жолу м-н» капитализмди кайра орнотууну көздөгөн. Капиталисттик өлкөлөр бирдиктүү антисоветтик фронт түзөбүз деп коркутуп, Россиянын падышалык ж-a Убактылуу өкмөттөрүнүн карыздарынын баарын Совет өкмөтүнө жүктөө, чет өлкөлүк капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттештирген ишканаларын өздөрүнө кайтаруу, тышкы соодада монополияны жойдуруу сыяктуу талаптар койгон. Бирок сов. делегация В. И. Лениндин көрсөтмөсү б-ча бул талаптардын баарын четке кагып, чет элдик интервенция ж-a блокада Совет мамлекетине канча зыян (39 млрд алтын акча) келтирсе, ошонун баарын төлөп берүүнү талап кылып, кайра империалисттик өлкөлөргө доо койгон. Сов. дипломатия Генуя конф-ясынын жүрүшүндө империалисттик өлкөлөрдүн ич ара пикир келишпестиктеринен пайдаланып, алардын бирдиктүү фронтун бузуп, Германия м-н Рапалл келишимин түзгөн. <br> | ||
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
(1922) – экономика ж-a финансы маселелери б-ча эл аралык конференция. 10-апрелден 19-майга чейин Генуя ш-нда (Италия) өтүп, ага 29 өлкө катышкан. РСФСР делегациясынын жетекчиси В. И. Ленин Генуяга бара албагандыктан, орун басары Г. В. Чичеринди жиберген. РСФСР делегациясынын курамына Л. Б. Красин, М. М. Литвинов, В. В. Воровский, Я. Э. Рудзутак, А. А. Иоффе ж. б. кирген. Делегация жалаң эле РСФСРдин эмес, бардык сов. республикалардын (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Бухара ж. б. таламдарын жактаган. Конф-я Улуу Британиянын демилгеси м-н чакырылган. АКШ Г. конф-ясынын ишине катышуудан баш тарткан. Г. конф-ясына катышкан Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү арасында Д. Ллойд Джордж, Дж. Н. Керзон (Великобритания), К. Й. Вирт, В. Ратенау (Германия), Л. Факта (Италия), Л. Барту, К. Баррер (Франция) ж. б. активдүү роль ойногон. Г. конф-ясынын расмий максаты Борб. ж-a Чыгыш Европанын экономикасын калыбына келтирүү эле, бирок иш жүзүндө империалисттик өлкөлөр саясий ж-a экон. жактан Совет өлкөсүнө кысым жасап, Россияда «тынчтык жолу м-н» капитализмди кайра орнотууну көздөгөн. Капиталисттик өлкөлөр бирдиктүү антисоветтик фронт түзөбүз деп коркутуп, Россиянын падышалык ж-a Убактылуу өкмөттөрүнүн карыздарынын баарын Совет өкмөтүнө жүктөө, чет өлкөлүк капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттештирген ишканаларын өздөрүнө кайтаруу, тышкы соодада монополияны жойдуруу сыяктуу талаптар койгон. Бирок сов. делегация В. И. Лениндин көрсөтмөсү б-ча бул талаптардын баарын четке кагып, чет элдик интервенция ж-a блокада Совет мамлекетине канча зыян (39 млрд алтын акча) келтирсе, ошонун баарын төлөп берүүнү талап кылып, кайра империалисттик өлкөлөргө доо койгон. Сов. дипломатия Генуя конф-ясынын жүрүшүндө империалисттик өлкөлөрдүн ич ара пикир келишпестиктеринен пайдаланып, алардын бирдиктүү фронтун бузуп, Германия м-н Рапалл келишимин түзгөн.