Difference between revisions of "БАТЫШ БЛОГУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

, Б а т ы ш  с о ю з у – Англия, Франция, Бельгия, Голландия                             ж-а Люксембургдун аскердик-саясий уюму. 1948-жылдын 17-мартында Брюссель келишимине ылайык 50 жылга түзүлгөн (1948-жылы 25-августта күчүнө кирген). СССРге ж-а элдик демократия өлкөлөрүнө каршы багытталган. Келишимде  Германия тараптан жаңы агрессия болгон учурда Б. б-нун катышуучулары биргелешкен чараларды көрүүгө даяр экендиги камтылган. 1949-ж. түзүлгөн Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) Б. б-нун негизи болгон. Б. б-нун  катышуучулары НАТОго мүчө болгон. 1950-жылдан НАТОну АКШ жетектейт. Б. б. 1955-ж. майдан уюмга ФРГ м-н Италиянын кошулуусу м-н Батыш Европа союзу түзүлгөн.