Difference between revisions of "ЖУНУШАЛИЕВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 Кашкар Астаканович (8. 4. 1961-ж.т.,  Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Арчалы айылы) – милициянын генерал-майору. СССР ИИМдин Фрунзедеги атайын орто мектебин (1986), КМУУну (1999) бүтүргөн. 1981–84-ж. Фрунзе шаардык ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмчөсүндө милиционер, суу м-н камсыздоочу булактарды кайтаруу б-ча өзүнчө батальондун милиционери, 1986–93-ж. Фрунзе ш-нын Октябрь р-ндук ички иштер бөлүмүндө медициналык соолуктуруучу жайынын инспектору, милициянын участкалык инспектору, улук участкалык инспектор, нөөмөт бөлүмүнүн оперативдүү нөөмөтчүсү, коомдук тартипти сактоонун күзөт бөлүмчөсүндө начальниктин орун басары, начальниги,  1993–98-ж. Бишкек ш-нын Биринчи май р-ндук ички иштер бөлүмүндө коомдук тартипти сактоонун күзөт бөлүмчөсүндө начальниктин орун басары, 1998–2003-ж. Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүндө коомдук тартипти сактоо бөлүмчөсүнүн начальниги, 2003–07-ж. Ысык-Көл обл., 2007–08-ж. Чүй обл., 2008–09-ж. Баткен обл. ички иштер башкармалыктарында начальниктин орун басары, 2009–10-ж. КР ИИМде ККББнын начальниги, 2010-ж. КР ИИМде министрдин орун басарынын милдетин аткаруучу, 2010–14-ж. министрдин орун басары, 2014-жылдан Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги.  Медалдар м-н сыйланган.