Difference between revisions of "КАЛАБРИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 – тарыхый ж-а aдм. аймак. Италиянын түштүгүндө жайгашкан. Аймак Калабрия уруусунун атынан коюлган. Антикалык коомдо К. азыркы Апулиянын түш.-чыгышындагы түшүмдүү жарым арал деп аталган. Б. з. ч. 8-к-да  гректер К-ны колониялаштыра баштаган. К-га отурукташтыруу негизинен грек колониясы Тарент тарабынан жүргүзүлгөн. Б. з. ч. 272-ж. К-ны римдиктер басып алган. Август мезгилинен К. Апулия м-н бирге Италиянын 2-аймагын, ал эми Диоклетиан реформасынан кийин К. Италия епархиясынын провинциясын түзгөн. Б. з. 6-к-нын ортосунан Византиянын бийлиги астында. 7-к-дын аягында антикалык К-нын айрым жерлерин лангобарддар басып алгандан кийин К-нын аты бруттий уруулары жашаган Апеннин жарым аралынын түштүк-батыш аймагындагы байыркы Бруттийге берилген. 1130-ж. Сицилия, 1282-ж. Неаполитан королдуктарынын, 1504-ж. Сицилия кош королдугунун (Түш. Европадагы мамлекет, Сицилия а. м-н Апеннин ж. аралынын түштүк бөлүгү бириккен), 1860-ж. Сардиния королдуктарынын курамына кирген.1871-жылдан Италияга бириккен. 1947-жылдан К.  Козенца, Кротон, Катандзаро, Реджо-ди-Калабрия, Вибо-Валентия провинцияларын камтыган адм. аймак (негизги шаары - Катандзаро).