Difference between revisions of "АРХЕОЛОГИЯ СҮЙҮҮЧҮЛӨРДҮН TYPKCTАН ИЙРИМИ"
м (1 версия) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
– илимий коом; 1895-ж. 11- | – илимий коом; 1895-ж. 11-декабрда чыгыш таануучу, академик В. В. Бартольддун ж-а Ташкенттеги эркектер гимназиясынын директору Н. П. Остроумовдун демилгеси м-н О.Азияда ачылган. 1917-ж. чейин О. Азиянын археологиясынын, материалдык маданиятынын тарыхын таанып-билүү, байыркы эстеликтерди сактоо б-ча иш жүргүзгөн. Ийрим жыйналыштарын Түркстан генерал-губернаторунун резиденциясында өткөргөн. Жер-жерлерден алынган байыркы эстеликтер тууралуу маалыматтар, тарых, археологияга байланыштуу ил. ачылыштар, табылгалар тууралуу ой-пикирлер талкууланган, чет элдик ил. коомдор м-н байланыш түзүшкөн. Басма беттерине макала жарыялашкан. Ийримде улуу державалык шовинизм идеяларын тараткан барон Б. А. Вревский Сибирь, Жети-Суу, Фергана аймактарын славяндардын байыркы бабаларынын жери, сак-массагеттер славяндардын бир тамыры, чыгыш элдеринин тамыры арий-славяндарынан тараган деген пикирди айткан.'' ''В. М. Флоринский болсо, орус падышачылыгы славяндарды байыркы мекенине алып келүүдө (Түркстанга) деген идеяны тараткан. Ийримдин «Протоколы заседаний и сообщений членов Туркестанского кружка любителей археологии» аттуу журналы чыгып турган. 1919-ж. ийрим Россия геогр. коомунун Түркстан бөлүмүнө секция катарында кирген. Россия геогр. коомуна 1896-ж. Таластагы байыркы түрк-рун жазуусу тууралуу Олуя-Ата уездинин начальниги В. А. Каллаур биринчилерден болуп кабар берген. 1903-ж. 15-январда ийрим Н. Г. Хлудовдун Саймалы-Таш ж-дө алгачкы билдирүүсүн угуп, И. Т. Пославский ошол эле жылы Фергана тоо кыркасынын Көгарт ашуусундагы Саймалы-Таш сүрөт галереясын изилдеген. Бурана, Таш-Рабат сыяктуу белгилүү археол. эстеликтер ийримдин мүчөлөрүнүн көңүл буруусун арбыткан.<br>'' К. Табалдиев.''<br> | ||
'' К. Табалдиев.''<br> | |||
11:47, 16 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– илимий коом; 1895-ж. 11-декабрда чыгыш таануучу, академик В. В. Бартольддун ж-а Ташкенттеги эркектер гимназиясынын директору Н. П. Остроумовдун демилгеси м-н О.Азияда ачылган. 1917-ж. чейин О. Азиянын археологиясынын, материалдык маданиятынын тарыхын таанып-билүү, байыркы эстеликтерди сактоо б-ча иш жүргүзгөн. Ийрим жыйналыштарын Түркстан генерал-губернаторунун резиденциясында өткөргөн. Жер-жерлерден алынган байыркы эстеликтер тууралуу маалыматтар, тарых, археологияга байланыштуу ил. ачылыштар, табылгалар тууралуу ой-пикирлер талкууланган, чет элдик ил. коомдор м-н байланыш түзүшкөн. Басма беттерине макала жарыялашкан. Ийримде улуу державалык шовинизм идеяларын тараткан барон Б. А. Вревский Сибирь, Жети-Суу, Фергана аймактарын славяндардын байыркы бабаларынын жери, сак-массагеттер славяндардын бир тамыры, чыгыш элдеринин тамыры арий-славяндарынан тараган деген пикирди айткан. В. М. Флоринский болсо, орус падышачылыгы славяндарды байыркы мекенине алып келүүдө (Түркстанга) деген идеяны тараткан. Ийримдин «Протоколы заседаний и сообщений членов Туркестанского кружка любителей археологии» аттуу журналы чыгып турган. 1919-ж. ийрим Россия геогр. коомунун Түркстан бөлүмүнө секция катарында кирген. Россия геогр. коомуна 1896-ж. Таластагы байыркы түрк-рун жазуусу тууралуу Олуя-Ата уездинин начальниги В. А. Каллаур биринчилерден болуп кабар берген. 1903-ж. 15-январда ийрим Н. Г. Хлудовдун Саймалы-Таш ж-дө алгачкы билдирүүсүн угуп, И. Т. Пославский ошол эле жылы Фергана тоо кыркасынын Көгарт ашуусундагы Саймалы-Таш сүрөт галереясын изилдеген. Бурана, Таш-Рабат сыяктуу белгилүү археол. эстеликтер ийримдин мүчөлөрүнүн көңүл буруусун арбыткан.
К. Табалдиев.