Difference between revisions of "АРХОНТ"
Jump to navigation
Jump to search
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
(гр. archon – башкаруучу, бийлөөчү) —
байыркы грек полистериндеги жогорку бийлик
кызматын ээлеген адам. Айрым уламыштар
боюнча б. з. ч. 11-к-да Афиныда падышалык
бийлик жоюлуп, анын ордуна падышалык кодриддер уруусунан чыккан өкүлдөр өмүр бою А.
болуп дайындалышкан. Б. з. ч. 8-к-дан анын
мөөнөтү 10 ж., ал эми 7-к-дан I жыл м-н чектелген. I-А. эпоним (аткаруу бийлигинин башчысы), 2-А. басилей, 3-А. полемарх (аскер башчысы) деп аталган. Б. з. ч. 7-к-дын ортосунда
дагы 6 А-тук кызмат киргизилип (сот бийлигин жүргүзгөн фесмофеттер), мамлекетти 9 адамдан турган А-тор коллегиясы башкарып калган. Б. з. ч. 5-к-дан А-тор коллегиясы маанисин жоготкон.