Difference between revisions of "АРАБА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

 жүк ж-а жүргүнчү ташуучу, дөңгөлөктүү чарбалык унаа. Алгач согуш ишинде транспорт, кийин жол жүрүүгө, жүк ташууга, о. эле

көчмө турак жай катары да колдонулган. Археол. изилдөөлөрдүн негизинде Вавилон аймагындагы байыркы Киш ш-нын (азыркы Охеймир ш., Ирак) ордунан, шумерлердин шаар-мамлекети Урумдан (Ур, азыркы Тель-Мукаяр ш., Ирак), Кавказдан ж. б. жерлерден аскердик

АРАБА 22.png

А-дын калдыктары табылган. Алар б. з. ч. 3-миң жылдыктын акырында, балким андан да мурда колдонулган. Аскердик А-лар чыгыштагы байыркы мамлекеттерде (Ассирия, Персия, Кытай, Индостан ж. б.) согуш мезгилинде кенен пайдаланылган. Алардын бир нече түрү бол­гон. Жалгыз же эки ат чегилген кош дөңгөлөктүү А-да эки аскер – арабакеч ж-а найза, кылыч, саадак м-н куралданган аскер – жоокер отурган. Төрт ат чегилген төрт дөңгөлөктүү А-га курал-жарактар жүктөлгөн, аттарга соот жабылган. Мындай А-лар алдыңкы катарда, жөө аскерлер алардан кийин жүргөн. Тарыхый жазма маалыматтарга ж-а Алтайдагы дөбө-мүрзөлөрдөгү табылгаларга караганда байыркы түрк тилдүү көчмөн уруулар (сак-скифтер) бир жер­дей экинчи жерге көчкөндө, жазында жаздоого, жайында жайлоого, күзүндө күздөөгө, кышында кыштоого жеңил ж-а жүк А. м-н көчүпконгон. Жеңил А-га кош ат, жүк А-га кош өгүз чегилген. 568-ж. Батыш түрк кагандыгында болгон Византия элчиси Земарх кагандын жибек кездемелер м-н асемделин жасалган чатыр ичинде, дөңгөлөктүү бийик тактага отуруп кабыл алгандыгын ж-а үстү жыгачтан жасалып, ичи кийиз м-н капталган, терезеси бар дөңгөлөк­түү үйү ж-а кийизден жасалган түрк А-сы бар экенин жазат. Абу-Абдаллах Мухаммед Ибн Бат­тута (14-к.), кыпчактарда төрт дөңгөлөктүү А. жасалып, ага эки же бир нече ат чегилээрин, жыгачтан жасалган ар түрдүү үстү жабык А-лар да болорун, анын ичине уктоого да, тамак ичүүгө да ылайыктуу экендигин, көчкөндө кыпчак аялдары ушундай А-га отуруп, эркектери ат минерин айткан. Скифтер тууралуу Гиппократ: «Алар төрт же алты дөңгөлөктүү, кийиз м-н каптал­ган, үй сыяктуу курулган боз үйлөрдө жаша­ган. Андан жаан да, күн да, жел да өтпөйт. Бул үстү жабык А-лар өгүзгө чегилет» – деп эскерет. О. Азия ж-а Жакынкы Чыгыш элдеринде жүк ташуу үчүн дөңгөлөктөрүнүн диаметри

2 жге чейин жеткен кош дөңгөлөктүү А-ды пай­

АРАБА 23.png

даланышкан. Ал эми жеңил А-лар жол жүрүүгө арналган. Ушул сыяктуу А-лар Европанын түштүгүндө, Кавказ, Түркия, Испания, Индия, Мон­голия ж. б. мамлекеттерде кеңири тараган. Учур­да кош дөңгөлөктүү ж-а төрт дөңгөлөктүү А-лар негизинен чарба иштеринде, ал эми жеңил А-лар эсалуу жайларында, циркте ж. б. колдо­нулат.
Ш. Керимова.