Difference between revisions of "АНТВЕРПЕН"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
А н в е р (фламандча Antwerpen,
фр. Anvers; фламандча аталышы Aen’twert -
верфтин жанында) – Бельгиянын түндүгүндөгү
шаар. Аты окшош провинциянын адм. борбору. Шельда д-нын ж-а Альберт каналынын боюнда, Түндүк деңиздин жээгине жакын жайгашкан. Калкы 502,6 миң (шаар айланасы м-н
1,2 млн, 2012). Дүйнөдөгү эң ири порттордун бири
(2002-ж. 132 млн т жүк ташылган; Европада
жүк айлантуу б-ча Роттердамдан кийин 2-орунда). Өлкөнүн ири соода, финансы ж-а башкы
өнөр жай борбору. Түрдүү машина куруу (а. и.
кеме куруу), түстүү металлургия, нефть ажыратуу, хим., нефть-хим, текстиль, тамак-аш өнөр
жайы бар. А. бриллиант сатуунун ж-а алмазды
кырдоонун дүйнөлүк борбору. Королдук асем
өнөр музейи (мында голл. сүрөтчүлөрдүн чыгармалары да чогултулган); П. П. Рубенстин үймузейи бар. 1920-ж. VII Олимпиадалык оюн өткөрүлгөн. 16-к-дын 2-жарымында мааниси б-ча
Европадагы 1-соода ж-а кредит борбору болгон.
Стен сепили (16-к-да соңку готика стилинде
кайра курулган) сакталган.