Difference between revisions of "АНИМАЦИЯЛЫК КИНО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

, анимация (англ.

animatio – жандануу) – кинодо бөлөк-бөлөк сүрөттөрдү фотографиялоо ж-а аларды биринин артынан бирин кыймыл иллюзиясын жаратуу үчүн тез калыбына келтирүү. А. к. биринчи жолу 1892-ж. демонстрацияланган; ага-ини Люмьерлер кинокамераны ойлоп тапкандан кийин, анын мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла өскөн.
ж. А. к-нун эң кеңири тараган түрү – мультипликациялык фильм, мультипликация (лат. multiplicatio – көбөйүү) пайда болгон. А. к. рекламада ж-а куурчак, силуэт фильмдерин жаратууда пайдаланылат. Графикалык мультфильмди сүрөтчү-карикатурачы Э. Коль (Франция, 1908) негиздеген. Россияда биринчи мультфильмдерди реж. В. А. Старевич койгон (1911- 13). А. к-нун дүйнөлүк өнүгүшүнө амер. сүрөтчү ж-а реж. У. Дисней чоң таасир көрсөткөн. Ал сүрөт м-н тартылган персонаждардын кубаттуу индустриясын түзгөн (Микки-Маус, ДональдДак ж. б.). СССРде мультипликациялык өнөрканалар 1920-жылдары пайда болгон. Мультфильмдерди «Союзмультфильм» киностудиясы (1936, Москва) чыгарат. 1977-ж. Кыргыз киностудиясында мультфильмдерди чыгаруучу бөлүм уюшулуп, «Сандардын чатагы», «Олокон», «Ажы даардын үңкүрү», «Торгой», «Байпактын түшү» ж. б. алгачкы фильмдер коюлган. А. к-ну чыгарууда режиссёр-сүрөтчүлөр чоң роль ойнойт. Кыргыз мульфильмдерин сүрөтчүлөр С. Ишенов, Б. Жумалиев, Б. Жусупбеков, В. Белов, М. Сарулу, А. Даирбеков ж. б. тартышкан. 20-21-к-да кино иск-восуна компьютердик дизайн, видеоарт, документалдык элементтер кеңири кире баштады. А. к-нун эл аралык фестивалдары Ансида (Франция), Оттава (Канада), Хиросима (Япония), Сеул (Түш. Корея), Штутгарт (Германия) ш-ларында 1998-жылдан Украина ж-а Россияда жыл сайын өткөрүлөт. Н. Жылдызова.