Difference between revisions of "АЛТАЙЛЫКТАР"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(өздөрүн алтай-кижи деп аташат) – 1) эл, Алтай Республикасынын (Россия
Федерациясы) жерг. калкы. Алтай крайында
(69, 876), Кемерово (3357), Новосибирск (472) обл-нда, о. эле Казакстан, Өзбекстан ж. б. жерлерде да жашашат. Жалпы саны 80, 800, а. и. Россияда (79 773) киши (2010). Мурда Тоолуу Алтай ж-а Кузнецк Ала-Тоосунда жашаган, алтай тилинде сүйлөгөн түрк тилдүү урууларды жалпысынан А. деп аташкан. Дини – христианчылык, о. эле
шаманизмди туткандар да, баптисттер да
бар. 2) Түш. Сибирдин
батышында жашаган
элдердин тобу. А. түн.
ж-а түш. деп эки этногр. топко бөлүнөт.
Түн. А. – самодий, кет, угор ж-а уйгур, кымак-кыпчак, енисейлик
кыргыздар, огуз ж. б. байыркы түрк урууларынын
негизинде калыптанышкан. Түш. А. теле, тугю
(тюкю) көчмөн түрк урууларынын, Түрк (552–
745-ж.), Уйгур (745–840-ж.), Кыргыз (8–13-к.)
кагандыктарынын ж-а Алтайга келген монгол
урууларынын (13, 15, 18-к.) эсебинен түзүлгөн.
1922-ж. Тоолуу-Алтай автономиялык обл.
(1948-ж. чейин Ойрот автономиялык обл. деп
аталган), 1991-ж. Тоолуу-Алтай Республикасы,
1992-жылдан Алтай Республикасы болуп түзүлгөн. А. мал чарбачылык, дыйканчылык, балык
уулоо, аңчылык ж-а жыйноочулук м-н кесиптенишип, боз үй ж-а жумуру карагай м-н салынган үйлөрдө жашаган. Кендирден токулган
узун көйнөк, ыштан, чекмень (чепкен), тон кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, сүт азыктарынан (айран, кымыз, май, курут, быштак
ж. б.) даярдалат. Кыргыз элинин этностук жактан калыптанышы А. м-н тыгыз байланыштуу.
Этностук жакындыктар А. м-н кыргыздардын
байыркы мезгилдерден берки байланышынын натыйжасы. Эки элдин тилинде, турмуш-тиричилигинде, чарбачылыгында ж-а каада-салттарында өтө көп окшоштуктар бар. Мис., ага, ини, эже, кайни, жээн, куда, кудагый, сеп, энчи, тай, кунан, асый, жылкы ж. б. сөздөр айтылышы, мааниси жагынан бирдей эле түшүнүктү берет.