Difference between revisions of "АНТАНТА"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(фр. Entente cordiale – «ыкластуу
макулдук») – Улуу Британия, Франция ж-а
падышалык Россиянын Германия башында турган Үчтүктөр союзуна (Германия, Италия, Австрия-Венгрия) ж-а Осмон империясына каршы
багытталган союзу; 1891–93-ж. француз-орус,
1904-ж. англис-француз, 1907-ж. англис-орус
макулдашууларынын негизинде бекемделген.
Союзду бекемдөө үчүн Россия, Англия, Франция 1914-ж. сентябрда Лондондо сепараттык
тынчтык түзбөө ж-дөгү келишимге кол коюшкан, 1915-ж. ага Япония кошулган. А. союзу
1914–18-жылдагы 1-дүйнөлүк согуш учурунда
германиялык коалицияга каршы 20дан ашуун -
<notkey>АКШ</notkey>, Англия, Бельгия, Франция, Бразилия,
Япония, Гватемала, Гондурас, Грекия, Италия
ж. б. мамлекеттерди бириктирген. А-га ж-а Үчтүк союзга кирген негизги мамлекеттер дүйнөнү
кайра бөлүштүрүүнүн империалисттик программасын иштеп чыгышкан. Россияда Октябрь
революциясы жеңген соң, Совет бийлиги тынчтык ж-дөгү Декретти кабыл алуу ж-а сепараттык Брест тынчтык келишимине кол коюу
м-н согуштан чыгып кеткен.