Difference between revisions of "АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– нефть

ж-а күйүүчү газ кендери жаткан ири аймак. Түркмөнстандын борб. ж-а чыгыш, Өзбекстандын батыш, Афганистан м-н Ирандын түн. бөлүктөрүндө 420 миң км2дей аянтты ээлейт. Алгачкы газ кендери 1953-ж. Түркмөнстанда (Сеталандөбө), 1960-ж. Афганистанда (Етымтаг), 1968-ж. Иранда (Хангиран) табылган. 200дөн ашуун нефть ж-а газ кендери белгилүү (2005). Алардын негизгилери: Түркмөнстанда – Шатлык, Даулетабад-Донмез, Байрам-Али, Ачак, Саман-Дөбө, Орто-Булак ж. б.; Өзбекстанда – Газлин; Афганистанда – Кожо-Гугердаг, Жаркудук ж. б.; Иранда – Хангиран юра ж-а мезгилдеринин газнефтилүү терриген ж-а карбонат чөкмөтек катмарлары 0,2-4 км тереңдикте Аму-Дарыя синеклизасын түзүп жатат. Газ кургак, метандуу, курамындагы N2 5% ке чейин, СОа – 4%, айрым H2S–6%. Нефть майда бүртүкчөлүү, парафиндүү (13% ке чейин), тыгыздыгы 770 – 900 кг/м3.