Difference between revisions of "АЛЫМКУЛОВ Карыпбек"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:06, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Карыпбек (13. 2. 1938-ж. т., Чүй
обл., Сокулук р-ну, Белек айылы) – электр техник, техника илимд. доктору (1997),
проф. (1992), КРдин Инженердик акедемиясынын акад.(1991). КРдин өнөр жайга эмг. сиң. иш-мери (1993). ФПИни (1960), Ленинграддагы Электр
техника ин-тунун аспирантурасын бүтүргөн
(1964). ФПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент,
ФПИнин энергетика ф-тинин проф. (1965-2000),
КСЭнин Башкы редакциясында техника редакциясынын башчысы (1968-71), Электр машиналарын куруу б-ча ил.-из., долбоорлоо-конструктордук ж-а технол. ин-тунун директору
(1972-88), КРдин Өкмөтүнүн башкаруу ин-тунун ректору (1988-92), «Электр техникасы»
ил.-тех. борб-нун директору (1992-2000), Кыргызстандарттын алдындагы Стандартташтыруу,
метрология ж-а сертификаттоо б-ча Россия академиясынын филиалынын директору (1996-97),
КРдин товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти (1996-жылдан), СССРдин ойлоп табуучусу (1984). 160тан ашык ил. эмгеги жарык
көргөн, а. и. 11 монография, 6 сөздүктүн автору. «Даңк» медалы м-н сыйланган (2000).
Эмг.: Однофазные асинхронные двигатели для
электроприводов малой мощности. Исследования,
разработка, внедрение. Б., 1995; Оптимальное проектирование однофазных коллекторных электродвигателей. Б., 2003.