Difference between revisions of "АНТИБИОТИКТЕР"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– микроорганизмдер иштеп
чыгарган же синтезделип алынган ж-а аз өлчөмдө микроорганизмдерди өлтүрүүчү же алардын ж-а шишик клеткаларынын көбөйүүсүн
басаңдатуучу заттар. 1928-ж. англ. окумуштуу
А. Фленинг биринчи антибиотик – пенициллинди ачып, клиникада натыйжалуу пайдаланган
(1929). Анын дарылык касиетин 1940-ж. англ.
илимпоздор X. Флори, Ж. Гейин аныкташкан,
ал эми 1944-ж. англ. илимпоз 3. Ваксман стрептомицинди алган, андан кийин тетрациклин,
цефалоспориндер ж. б. заттар чыгарылган. А.
негизинен актиномицеттерден, микроскоптук
козу карындардан ж-а кээ бир бактериялардан
алынат. А. бири биринен хим. түзүлүшү ж-а
организмге таасир этүүсү м-н айырмаланат.
Алардын көбү тандама (айрым типтеги микроорганизмге каршы) таасир этет. Алар химия
терапиясында колдонгондо оору козгоочу микроорганизмдерди жок кылуу м-н кошумча тескери таасирлерди да берет, мис., стрептомицин
кээде ички кулакты жабыркатат. Андан тышкары оорулуу адамдарда белгилүү А. аллергия
пайда кылат. Пенициллинден болгон аллергия
өмүргө коркунучтуу. Көп учурда микроорганизмдер А-ге туруктуу болуп калып, дарылоо натыйжасыз болушу мүмкүн. Мындай учурда микроорганизмдин туруктуу штаммын кадимки А.
м-н басаңдата албай, алар эпидемияга алып келиши мүмкүн. Мындай штамм антибиотикти
жетишсиз дозада кабыл алган же узакка кабылалбай жүрүп кабыл алган организмде болушу
мүмкүн. Ошондуктан А-ди врачтын гана көзөмөлүндө пайдалануу керек. Бул кемчиликтерге
карабастан А. күчтүү дары заттар болуп саналат. Акыркы 50 жылда А-ди колдонуунун натыйжасында жугуштуу (инфекциялык) оорулардан болгон өлүм кыйла азайды. Ошондуктан А. бактериялык инфекцияларды химия терапиялык жол м-н дарылоодо кеңири колдонулат.