Difference between revisions of "АНСАМБЛЬ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(фр.

ensemble – бирге, чогуу, бүтүн нерсе) - 1) сахна өнөрүндө спектаклдеги бир идеяга баш ийген бардык компоненттердин гармониялуу айкалышы; 2) аткаруучулардын бир көркөм коллектив катары чыгуучу тобу; 3) бир нече атка
руучу үчүн муз. чыгарма (дуэт, трио ж. б.); 4) арх-ра ж-а шаар курууда идеялык-көркөмдүк, арх-ралык жактан чечилген имараттардын, аянттардын, монументалдык живопистин,

Бийчилер ансамбли.
«Келечек» комузчулар ансамбли, жетекчиси Бүбүгүл Султанова.

скульптуранын композициялык биримдиги. А. – архралык чыг-тын жогорку формасы. Имараттардын, бак-парктпардын. да өзүнчө A-и болот. Бирибирине өтмөктөр аркылуу байланышкан беш имараттан турган КР УИАнын курулушунун комплекси борборубуздун ири арх-ралык А-и болуп саналат. Анын авторлору ленинграддык арх. Ю. Билинский ж-а А. Бочаров имараттын бетмаңдайын кооздоодо Кырг-ндын илимин, мад-тын кыргыздын элдик оймо-чийме мотивдери аркылуу чагылдыруу м-н түстүү куйма керамикада аткарылган тематикалык ж-а декоративдик барельефтерди колдонушкан. Ал эми Бишкектин борб. гүлбагы катар тигилген дарактардын, көк жайыктардын, эстеликтин ж-а

Архитектуралык ансамбль.

фонтандын биригип айкалышынан түзүлүп, тегерегиндеги арх-ралык имараттарга кошулуп, шаардын ажырагыс кооз бөлүгүнө айланды. Арх-ралык А-дин композициясына көркөм сүрөт өнөрүнүн чыгармалары да кирет, к. Искусство синтезы. К. Сарбанов.