Difference between revisions of "АЛЬБУКАСИС"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
23:58, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Альбуказис (о. кылым лат.
Albucasis), Аз-Захрави (Абу-аль-Касим Халаф
ибн Аббас аз-Захрави) (936-1010 ченде, башка
маалымат б-ча 1013) – араб хирургу, о. кылымдын башындагы хирургдардын колдон түшпөс
китеби болгон 30 томдук «Китаб аз-Захрави»
энциклопедиясынын автору. Ал кан агууну токтотуу ыкмасын, тканды ичеги жиби (азыркы
кетгут) м-н тигүү, чуркуну операция жолу м-н
дарылоо, гангренада ампутациялоо ж. б-ларды
сунуш кылган. 200дөн ашык хирург, аспаптарды сыпаттап жазган.
Ад.: Мирский М. Б. Хирургия от древности до
современности. М., 2000.