Difference between revisions of "АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– 1–5‑к‑га таандык байыркы көрүстөндөр тобу. Нарын обл‑нун АкТалаа р‑нунан табылган. 1‑көрүстөн Ак‑Кыя ж‑а Көк‑Жар айылдарынын ортосунда; 4 дөбөмүрзөдөн турат. Бийикт. 0,3‑0,6 м, диаметри 6–8 м. Үстү томпок сымал. 2‑көрүстөн Ак‑Кыя
айылынан чыга бериште жайгашкан; 4 таш дөбөмүрзөдөн турат. Бийикт. 0,1–0,5 м, диаметри 6–12 м. 3‑көрүстөн Ак‑Сай айылынан 500 м чыгышта, 16 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Бийикт. 0,1–1 м, диаметри 7‑13 м. 4‑көрүстөн үчүнчү көрүстөндүн 400 м түн. жагында; 12 мүрзөдөн турат. Бийикт. 0,3–0,9 м, диаметри 7–10 м. 5‑көрүстөн Ак‑Кыя айылынан 3–4 км чыгышта, Нарын д‑нын оң өйүзүндө; 10 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. А. ч. иштеринин натыйжасында көбү түзөлүп калган. Көрүстөндөрдү 1983‑ж. М. И. Москалёв тапкан. Археол. казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.
М. И. Москалёв.