Difference between revisions of "АК-КОЙЛУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
180-227>KadyrM
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(түрк. – Ак‑Коюнлу) – 14–15‑к‑да Тигр д‑нын баш жагындагы жерлерди мекенде­ген огуз‑түрк урууларынын бирикмеси ж‑а ошол бирикменин башында турган династиянын ата­лышы. А.-к‑лар тууралуу алгач 1340‑ж. Визан­

тия хроникаларында эскерилет. Узун‑Хасандын тушунда (1453‑78) Кара‑Койлуулар мамлекетин талкалап (1468), Арменияны, Азербайжанды, Батыш Иранды, Иракты басып алып, борб. Теб­риз ш. болгон мамлекет түзгөн. А.-К. мамлеке­тинин эл аралык саясатта кадыр‑баркы жого­рулап, 1463‑ж. Венеция, Рим папасы ж‑а Венг­рия
А.-К. м‑н Осмон империясына каршы союз түзүшкөн. 15‑к‑дын аягында өлкөнүн ичиндеги жер ээлеринин өз ара согуштары, элдин наара­зылыгы А.-К. мамлекетин начарлаткан. 16‑к­дын башында Исмаил Сефеви башында турган кызыл баштар (көчмөн түрк уруулары) А.-К. мамлекетин талкалап, каратып алышкан ж‑а Исмаилди шах көтөрүшүп, Сефевиддер мамле­кетин негиздешкен.