Difference between revisions of "АКИШЕВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

Кемал (23. 5. 1924. Павлодар обл. Барнаул ш. –10. 8. 2003, Алматы) – археолог, казак археология илимин негиздегендердин би­ри. Казакстан мамл. сыйл. (1982), Казак Респ­нын ИАнын Ч. Валиханов атн. сыйл. (1966) лау­реаты, Германия Археол. ин‑тунун корр. мүчөсү, Казакстандын илимге эмг. сиң. кызматкери (1989), 1950‑ж. Казак мамл. ун‑тин бүтүр­гөн соң Казакстан И Ада аспирант, кенже ж‑а улук ил. кызматкер, профессору. 1955–90‑ж.

Ч. Валиханов атн. Тарых, археология ж‑а этно­графия ин‑тунда археология бөлүмүнүн башчы­сы болуп иштеген. 1991‑жылдан А. Маргулан атн. археология ин‑тунун бөлүм башчысы, ин­ттун улук ил. кызматкери. 1954‑жылдан Казак­стан аймагындагы археол. экспедициялардын уюштуруучусу ж‑а жетекчиси. Байыркы ж‑а о. кылымдарга таандык эстеликтерди, дүйнөлүк мааниси зор Эшик (казакча Есик) коргонунан табылган «Алтын адам» (б. з. ч. 5‑4‑к.), Бешча­тыр (б. з. ч. 6‑5‑к.), Отрар ж. б. археол. та­былгаларды ачкан ж‑а изилдеген. 220га жа­кын ил. эмгектин, а. и. 14 монографиянын ав­тору. «Древняя культура саков и усуней доли­ны р. Или» (1963), «Древняя культура Централь­ного Казакстана» (1966), «Древний Отрар» (1970) ж. б. эмгектеринде коло, эрте темир доорунда­гы мад‑ттардын маанилүү ж‑а негиздүү маселе­лерин изилдеген. «Парасат» ордени м‑н сыйлан­ган (1998).