Difference between revisions of "АК-КОЙЛУУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(түрк. – Ак‑Коюнлу) – 14–15‑к‑да Тигр д‑нын баш жагындагы жерлерди мекендеген огуз‑түрк урууларынын бирикмеси ж‑а ошол бирикменин башында турган династиянын аталышы. А.-к‑лар тууралуу алгач 1340‑ж. Визан
тия хроникаларында эскерилет. Узун‑Хасандын тушунда (1453‑78) Кара‑Койлуулар мамлекетин талкалап (1468), Арменияны, Азербайжанды, Батыш Иранды, Иракты басып алып, борб. Тебриз ш. болгон мамлекет түзгөн. А.-К. мамлекетинин эл аралык саясатта кадыр‑баркы жогорулап, 1463‑ж. Венеция, Рим папасы ж‑а Венгрия
А.-К. м‑н Осмон империясына каршы союз түзүшкөн. 15‑к‑дын аягында өлкөнүн ичиндеги жер ээлеринин өз ара согуштары, элдин нааразылыгы А.-К. мамлекетин начарлаткан. 16‑кдын башында Исмаил Сефеви башында турган кызыл баштар (көчмөн түрк уруулары) А.-К. мамлекетин талкалап, каратып алышкан ж‑а Исмаилди шах көтөрүшүп, Сефевиддер мамлекетин негиздешкен.