Difference between revisions of "АКБОТО БИЙ"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Акбото Рахимбий уулу(болжолу 17‑к‑дын аягы – 18‑к‑дын 30‑ж‑нын ортосунда жашаган) – 18‑к‑дын башында Ферганадагы Хожент вилайетинин башкаруучусу.
Тарыхый маалыматтар б‑ча ал Бухара ханы Убайдулланын (1702–11‑ж. башкарган) ишеничине ээ болуп, Фергана өрөөнүнүн түш.-чыгышындагы Хоженттин аймагын калмак баскынчыларынан коргоочу кошуундун башчылыгына дайындалган. Бул аймакта А.б‑дин саясий аброю өскөндүктөн, Кокон хандыгынын негиздөөчүсү Шахрух бийдин жалгыз кызына үйлөнүп, өзүнүн кызын анын уулу Абд ар‑Рахим бийге турмушка берген. Ал Абд ар‑Рахимди Хожентке чакырып, ага өз ээлигинен жооптуу кызмат берет. А. б‑дин жардамы м‑н күйөө баласынын зоболосу көтөрүлүп, элге таанылат. Абд ар‑Рахим Хожентти ээлеп алууну көздөп, бул аягында күйөө бала м‑н кайын атанын ортосундагы ачык тирешүүгө алып келген. Эрегиште Рахим бий кайын атасын өлтүрүп, Хожентке өзүнүн иниси Абд ал‑Карим бийди дайындаган.
Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.