Difference between revisions of "АЙТЫМ КҮҮЛӨР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазму­нун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат ж‑a тууроо сыяк­туу каражаттарды колдонуу м‑н комуздун ж‑а кылкыяктын коштоосунда аткарат. А. к‑гө жо­мок‑дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. А. к. акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жан­такпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулар­дын репертуарында ж‑a чыгармаларында (мис., Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «То­гуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» ж. б.) А. к. не­гизги орунду ээлеген.	Б.	Алагушов.