Difference between revisions of "АЙЛАНА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – берилген чекиттен (О борборунан) бирдей алыстыкта жаткан тегиздиктеги ийри сызык. Анын О борбору м‑н анын кандайдыр чекитин туташтыруучу R кесиндиси А‑нын ра диусу (а, сүрөт).

г д ж
А‑нын эки чекитин туташтырган кесинди хор да (б, сүрөт), борбору аркылуу өткөн эң узун хор да диаметр деп аталат. Хордага перпендикуляр болгон диаметр аны тең 2ге бөлөт. Жалпы че­китке ээ болуп, эки хордадан пайда болгон бурч ичтен сызылган бурч. Чокусу А‑нын борборун­да жаткан бурч борб. бурч (в, сүрөт). Ичтен сы зылган бурч жаанын жарымы м‑н өлчөнөт ж‑а ошол эле жааны камтыган борб. бурчтун жа­рымына барабар (в, сүрөт). Кесүүчү эки түз сы зык аркылуу пайда болгон бурч анын эки жагы аркылуу чектелген жаанын жарым айырмасы аркылуу өлчөнөт (г, сүрөт). А‑даты чекит аркы-

АЙЛАНА56.png

луу бир гана жаныма жүргүзүүгө болот. Бул жаныма ал чекит аркылуу жүргүзүлгөн радиус­ка перпендикуляр (д, сүрөт). Эгер А‑нын сыр­тында жаткан М чекити аркылуу ага карата кесүүчү түз сызык жүргүзүлсө, анда М чеки­тинен А‑ны кесүүчү чекиттерге чейинки ара­лыктардын көбөйтүндүсү М чекитинен А‑га чейинки жаныманын уз‑нун квадратына бара бар (ж, сүрөт). А‑нын уз‑нун анын диаметри­не болгон катышы бардык А‑лар үчүн бирдей. Бул катыш трансценденттик сан ж‑а гр. «л» тамгасы м‑н белгиленет, сан мааниси я =3,614159... А‑нын уз. I = 2nR. Тегиздиктин А. м‑н чек­телген ж‑а анын борборунун камтыган бөлүгү тегерек деп аталат. Декарттык тик бурчтуу координаталар системасында А‑нын теңдемеси (х – а)1 + (у – Vf = R2 түрүндө жазылат, мында а ж‑а Ь – берилген А‑нын борборунун коорди­наталары. Б. Э. Канетов.