Difference between revisions of "АЗОБОЁКТОР"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– ароматтык радикалдарды байланыштырып турган бир нече азотоптору N=N- бар орг. заттар. Молекуласындагы азотоптордун санына жараша: моноазобоёктор
R‑N=N‑R1, диазобоёктор RN=NR1‑N=N‑R" (R'SR1, R – орг. радикалдар – ароматтык, гетероциклдик, алифаттык) ж‑а полиазобоёктор деп бөлүнөт. NH2- тобу барлар аминазо-, ОН‑тобу барлар – оксиазобоёктор деп аталат. А‑дун өңүнүн кочкулданышы азо-, окси- ж‑а амин топторунун санына жараша болот. Оксиазобоёктор начар к‑талык, аминазобоёктор начар негиздик касиетке ээ. Курамында бир же бир нече сульфо‑тобу болсо к‑талык, курамында амин‑тобу болсо негиздик А‑го бөлүнөт. А‑ду диазоний
туздарынын фенолдор, нафтолдор, ароматтык аминдер ж.б. орг. заттар м‑н реакцияга кири шинен алууга болот. Өндүрүлгөн бардык боёктордун 50%и А. болуп эсептелет. Аминазобоёк тор м‑н сары түстөн көк, кара түскө чейин буланын бардык түрүн, пластмасса, кагаз, тери, булгаары боёого болот.