Difference between revisions of "АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – оптикалык приборлордун нерселердеги жакын жайланыш­кан эки чекиттин сүрөттөлүштөрүн даана көр­сөтүүчү чондук. Сүрөттөлүштөрдүн кошулуп ке-

терине туура келүүчү эки чекиттин ортосундагы минималдуу аралык прибордун ажыратуу чеги деп аталат. Бул чоңдукка тескери чоңдук при бордун оптикалык күчүн туюнтуп, оптикалык системадагы ар түрдүү абберацияларга ж‑а жа рык толкунунун дифракция кубулушуна көзка­ранды. Ар кандай оптикалык прибор жарык нуру кирүүчү ж‑а чыгуучу эки тешиктен турат. Эгерде абберациясыз, өтө так жасалган оптика лык системаны ал сак, тешиктерден өткөн жа рык толкундар дифракциялык кубулушка чал­дыгып, ар бир чекиттин сүрөттөлүшү чекитти курчаган жарык ж‑а карацгы шакекчелердин системасы түрүндө көрүнөт. Эгерде ар бир диф ракциялык тактын борб. экинчи кара теге­ректин чети м‑н тийишсе, дифракция теориясы­нын негизинде жанаша жаткан эки чекит өзал­дынча так көрүнөт. Бул шарт Рэлей критерийи деп аталат. Мындан келип чыккан А. ж‑нүн чегин аныктоочу формула оптикалык систе манын параметрлери / ж‑а Х)га көз каранды 5 = 1,21 Xf/D, мында X – жарык толкунунун уз., / – оптикалык системанын фокус аралыгы, D ­кирүүчү тепшгинин диаметри. Абберациясыз оп тикалык система болбойт. Ошондуктан, реал­дуу оптикалык системалардын А. ж. бул фор мула б‑ча эсептелген сандан башкача болот.