Difference between revisions of "АДЛЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 Альфред (7. 2. 1870, Вена – 28. 5. 1937,

Абердин, Шотландия) – австриялык врач‑пси­хиатр ж‑а психолог. Ал Вена ун‑тин бүткөндөн кийин врач болуп иштеген ж‑а 3. Фрейддин окуусун жактап чыккан. 1902‑ж. 3. Фрейд уюш­турган психоаналитикалык коомго кирген. А. 1911‑ж. Фрейд м‑н кол үзүп, өз мектебин – «жеке (индивидуалдуу) психологияны» негиздеген. А‑дин бул мезгилдеги эмгектери негизинен нев роз проблемасына, органикалык деффекттердин, тубаса кемтиктердин инсандын өнүгүүсүнө тий гизген таасирин изилдөөгө арналган. Психопато­логиянын маалыматтарына таянып, компенса­циялоо (толуктоо) ж‑дөгү окуусун жараткан. Инсандын өнүгүүсүнүн универсалдуу булагы А. б‑ча адамдын азап чегишинен, ызасынан келип чыккан кембаа, сезим өксүк. Ал ар адамдын ар­тыкчылыкка, позитивдүү өнүгүүсүнө умтулуусун туудурат, аны «бийликке карата» эрк деп белги­леген. Мына ушундай умтулуунун натыйжасын да өксүгү толукталат, мис., эгер адамдын дене­синде кандайдыр бир талуу жер же өксүк (көзү чалыр, кекеч, бою кичинекей, чабал) болсо, ал өзүнүн физиологиялык кемчилигин социал. ар­тыкчылыктарга (карьера жасоого, чыгармачыл дараметтерин өнүктүрүүгө. спорт м‑н машыгуу­га ж. б.) умтулуу аркылуу компенсациялайт. Чечендик өнөрү м‑н даңкталган байыркы грек оратору Демосфен бала чагында кекеч болгон. Улуу аскер башчылары, мамл. саясий ишмер­лер: Суворов, Ленин, Сталин, Наполеон, Руз вельт орто же кыска бойлуу адамдар болушкан. А. тарабынан сунуш кылынган «өксүк комп­лекси» түшүнүгү илимде, коомдук аң‑сезимде кеңири тараган.

Т. Эсенгелдиев, Р. Амираев.