Difference between revisions of "АБАЛАКОВДОР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

– ага-ини орус альпинисттери; Кавказ, Теңир-Тоо (Тянь-шань), Памир, Алтай тоолорунун бийик чокуларына көп жолу чыгышкан. Виталий Михайлович (13.1.1906, Енисейск - 26.5.1986, Москва)– инже нер-конструктор, спортсмендердин машыкканын так аныктай турган 100 чамалуу прибордун ав тору. СССРдин эмг. сиң. спорт чебери (1941), СССРдин эмг. сиң. машыктыргычы (1961). Ал баштаган альпинисттер Ленин (Памир, 1934), Кан-Теңир (Теңир-Тоо, 1936) чокуларына биринчи жолу чыгышкан, жеке өзү ал чокуга үч жолу чыгып барган. Евгений Михайлович (4.2.1907, Енисейск – 23.3.1948, Москва) – скуль птор, дүйнөнүн 13 эң бийик чокуларына (а. и. Коммунизм, Памир, 1933, Кан-Теңир, Теңир-Тоо, 1936) биринчи чыгуучулардан. СССРдин эмг. сиң. спорт чебери (1941). Памирдеги бир бийик чокуга Е. М. Абалаковдун ысмы берилген.