Difference between revisions of "БААБЕДИН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (2))
1 -сап: 1 -сап:
Б а х о в и д д и н Н а к ш б а н- д и й‒С е й и д М у р а д б и н Ж а л а л и д- д и н (1314‒1389) ‒ 1) 14-к-дагы О. Азиялык сопулук агымдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири; бухаралык шайык. Каср-и хиндуван кыштагында кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Көзү өткөнчө Бухара ш-нда ж-а анын чет-жакасында жашап, 2 жолу ажылыкка барып келген. Ата кесибин уланткан Б-ди Накшбандийа (зерге, металлга кооздук түшүрүүчү), о. эле сопу жамаатын (боордоштугу) да накшбандийа деп аташкандыгына карабастан, анын мүчөлөрү Б-ди негиздөөчү катары эсептешкен эмес. Тарыхый булактарда Б. байлыкка кызыкпаган, өз эмгеги м-н күн көргөн такыба адам катары сүрөттөлгөн. Ал көз жумган соӊ бара-бара Б-дин ысмы Иран, Арабстан, О. Азия элдеринин арасында диний уламышка айланып, Бухара ш-нын пири, о. эле ар кандай кырсыктардан куткаруучу катары белгилүү болгон. 1544-ж. Абд ал-Азиз-хан тарабынан анын сөөгү коюлган жерге тургузулган күмбөз зыярат кылуучу ыйык жайга айланып, ал жерге үч жолу келип кеткен адам Меккеге ж-а Мединага ажылыкка барып келгенге барабар болуп эсептелген. Б. тууралуу баяндар дербиштер аркылуу кыргыздар га да тараган. 2) Салтка айланып кеткен табынуу, сыйынуу. Кыйынчылык убакта Б-ге кайрылып жардам суроо О. Азия калкына мүнөздүү; чоӊ коркунуч, алаамат (өрт, көчкү, сел, катуу оору, жер титирөө, жоо тийген, жырткычтар камаган, адашкан ж. б.) учурда аман-эсен кутулууну тилеп Б. өткөрүшкөн. Айтылган Б-ди (9 токоч, кой, эчки, тай, торпок, бээ ыроолоп) ошо замат же кийинчерээк сөзсүз ишке ашырышкан. Антпесе «бат эле дагы бир коркунуч, кырсык болуп, андан чоӊ зыянга учурап калабыз» деген ишенич күч болгон.
Б а х о в и д д и н Н а к ш б а н- д и й‒С е й и д М у р а д б и н Ж а л а л и д- д и н (1314‒1389) ‒ 1) 14-к-дагы О. Азиялык сопулук агымдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири; бухаралык шайык. Каср-и хиндуван кыштагында кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Көзү өткөнчө Бухара ш-нда жана анын чет-жакасында жашап, 2 жолу ажылыкка барып келген. Ата кесибин уланткан Б-ди Накшбандийа (зерге, металлга кооздук түшүрүүчү), о. эле сопу жамаатын (боордоштугу) да накшбандийа деп аташкандыгына карабастан, анын мүчөлөрү Б-ди негиздөөчү катары эсептешкен эмес. Тарыхый булактарда Б. байлыкка кызыкпаган, өз эмгеги менен күн көргөн такыба адам катары сүрөттөлгөн. Ал көз жумган соӊ бара-бара Б-дин ысмы Иран, Арабстан, О. Азия элдеринин арасында диний уламышка айланып, Бухара ш-нын пири, о. эле ар кандай кырсыктардан куткаруучу катары белгилүү болгон. 1544-ж. Абд ал-Азиз-хан тарабынан анын сөөгү коюлган жерге тургузулган күмбөз зыярат кылуучу ыйык жайга айланып, ал жерге үч жолу келип кеткен адам Меккеге жана Мединага ажылыкка барып келгенге барабар болуп эсептелген. Б. тууралуу баяндар дербиштер аркылуу кыргыздар га да тараган. 2) Салтка айланып кеткен табынуу, сыйынуу. Кыйынчылык убакта Б-ге кайрылып жардам суроо О. Азия калкына мүнөздүү; чоӊ коркунуч, алаамат (өрт, көчкү, сел, катуу оору, жер титирөө, жоо тийген, жырткычтар камаган, адашкан ж. б.) учурда аман-эсен кутулууну тилеп Б. өткөрүшкөн. Айтылган Б-ди (9 токоч, кой, эчки, тай, торпок, бээ ыроолоп) ошо замат же кийинчерээк сөзсүз ишке ашырышкан. Антпесе «бат эле дагы бир коркунуч, кырсык болуп, андан чоӊ зыянга учурап калабыз» деген ишенич күч болгон.

''И. Молдобаев.''

''И. Молдобаев.''

18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

И. Молдобаев.