Difference between revisions of "АГРОЭКОЛОГИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

, а й ы л ч а р б а э к о л о- г и я с ы (агро... ж-а экология ) ‒ экологиянын а. ч. иш-аракетиндеги айлана-чөйрө м-н адамдын өз ара карым-катышын изилдөөчү тармагы. Ал чөйрө (абиота ж-а биота) факторлору нун маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнө, о. эле алардын а. ч. талааларында жашаган организмдер тобунун курамына ж-а динамикасына көрсөткөн таасирин изилдейт. А. өз алдынча илим тармагы катары Италия ИАнын (деи Линчея) 1920-ж. берилген отч¸тунда эскерилет. Азыркы А-нын негизи «Айыл чарба экология сы» монографиясынын авторлору итал. окумуштуу Ж. Ацци м-н немец окумуштуусу В.Тишлер (1965) тарабынан иштелип чыккан. А-нын негизги изилдөө объекти ‒ тиричилиги агроно миялык ыкмалар м-н көзөмөлдөнүп туруучу жасалма экосистемалар. Биотопто өсүмдүк түрлөрү кыскарса (а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүдө), анда трофикалык деӊгээлдеги бардык түрлөр азаят. Адам баласы а. ч. иш-аракетин жүргүзүүдө бир гана эӊ жогорку биол. продукция өндүрүү максатын ко¸т. Ошондуктан, адам баласынын алдынкы тех. каражаттарды колдонуусу химиялаштыруу аркылуу а. ч. продукциясын өндүрүү иш-араке ти м-н айлана чөйрөнүн (агроценоздун) экол. теӊ салмактуулугун сактоо проблемалары бири-бирине карама-каршы. Бул карама-каршылыктын аягы а. ч. продукцияларынын төмөндөшүнө алып келет. Мис., аймактагы жерди иштетүүдө хим. уу заттар колдонулса, ал жердеги энтопсофагдардын, чаӊдаткыч курт-кумурскалардын санынын азайышына, агроценоздун деградация ланышына ж-а маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө себеп болот. А-лык коркунучтан улам биоценологиялык ыкмалардын негизинде маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүү лүгүн жогорулатуу үчүн а. ч. технологиясынын жаӊы түрлөрү иштелип чыгууда. Мис., сууну үнөмдөп сугаруучу технологиялар (тамчылатып сугаруу), ген. инженерия, өсүмдүктөрдү коргоо үчүн биол. ыкмалар, жер иштетүү ж. б. Тарыхый маалыматтар көрсөткөндөй , Борб. Америкада Х. Колумбга чейин эле аралаш жер иштетүү (жүгөрү м-н кошо баобаб, ашкабак өстүрүү) ыкмалары белгилүү болгон. Мындай жер иштетүү азыркы учурда АКШда кеӊири колдолунат. Мис., Небраска штатында иштетүүлүчү талааларда 15 катар кант кызылчасынан кийин 2 катар жүгөрү тигишет. Натыйжада шамалдан ыктоо өскөн кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү 11%ке, жүгөрүнүкү (СО2 газы ж-а күн нуру м-н жакшы камсыз болгондуктан) 150%ке жогору болгон. Бүгүнкү күндө а. ч. өндүрүшүнө көзөмөл жүргүзгөн агроэкологиялык мониторинг системасы түзүлүүдө. Ад.: Жученко А. А. Адаптивное растениеводство. Киш., 1990; Миркин Б. М., Наумов Л. Г., Злобин Ю. А. Состояние и тенденции развития современной агроэкологии // Итоги науки и техники. Сер. Растениеводство. М., 1991. Б. Үсөнканов.