Difference between revisions of "АГРОТЕХНИКА"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 revision imported) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
(''агро''..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы ж-а дыйканчылык технологиясы. А-нын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек | (''агро''..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы ж-а дыйканчылык технологиясы. А-нын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек каража-тын жумшоо м-н эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал а. ч. өндүрүшүнө илим м-н алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, а.чсын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу ж-а автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат. А. ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү ж-а тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, о. эле а. ч. өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдеттери м-н зыянкечтерине каршы күрөшү да кирет. Алгачкы замандарда А. өтө жөнөкөй эмгек шайманына ж-а кол эмгегине негизделген. 19-к-да эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн ил. жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы ж-а жер семирткичти пайдалануу, а. ч. иштерин туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ж-дөгү А-лык илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу м-н кээ бир А-лык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо механикалаштырыл- ган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор м-н камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы ж-а вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. б. А-лык иштерди комплекст пайдалануу талап кылынат (к.'' Айдоо''). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурагына ж-а кклиматтык өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мис., жаан-чачыны аз райондордо топуракта нымдын топтолушуна көӊүл бурулат. Жерди туура которуштуруп, өсүмдүктөрдү эгүү м-н А-лык ыкмалардын натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо А. м-н айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж-а а. ч. азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят. | ||
11:19, 1 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
(агро..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы ж-а дыйканчылык технологиясы. А-нын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек каража-тын жумшоо м-н эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал а. ч. өндүрүшүнө илим м-н алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, а.чсын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу ж-а автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат. А. ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү ж-а тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, о. эле а. ч. өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдеттери м-н зыянкечтерине каршы күрөшү да кирет. Алгачкы замандарда А. өтө жөнөкөй эмгек шайманына ж-а кол эмгегине негизделген. 19-к-да эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн ил. жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы ж-а жер семирткичти пайдалануу, а. ч. иштерин туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ж-дөгү А-лык илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу м-н кээ бир А-лык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо механикалаштырыл- ган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор м-н камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы ж-а вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. б. А-лык иштерди комплекст пайдалануу талап кылынат (к. Айдоо). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурагына ж-а кклиматтык өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мис., жаан-чачыны аз райондордо топуракта нымдын топтолушуна көӊүл бурулат. Жерди туура которуштуруп, өсүмдүктөрдү эгүү м-н А-лык ыкмалардын натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо А. м-н айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж-а а. ч. азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.